Чаткал районунда калктын аярлуу катмарлары үчүн бекер көмүр таркатылып башталды.

Чаткал районунда калктын аярлуу катмарлары үчүн бекер көмүр таркатылып башталды.

13-тогуздун айы, 2023-ж // Соцтармак // muhamedalye
Көзү начар көргөндөр үчүн:


Бүгүн 13-октябрда Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан кышка карата даярдык көрүүнүн алкагында аймактагы калктын аярлуу катмарлары үчүн жалпы 50 тонна көмүр алынып келинди.

1 группадагы майыптарга, 90 жаштан ашкан карыларга,тоголок жетимдерге, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалпы 150 үй-бүлөгө ар бирине 300 кг дан көмүр таркатылып бериле баштады.
Мындай иш чара башка айыл өкмөттөрдө да уланмакчы.