Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагы өз жарандарына ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келет

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагы өз жарандарына ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келет

26-тогуздун айы, 2023-ж // Экономика // muhamedalye
Көзү начар көргөндөр үчүн:


«Өрт тилсиз жоо» демекчи жакында эле Жер-Капчыгай айылында катталган өрттөн улам коңшу жашаган эки жарандын малдын кышкы тоютуна даярдалган чөптөрү тегиз күйүп кеткен эле. Аларга колдоо көрсөтүү максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын алдындагы Каныш-Кыя жайыт комитети тарабынан өздөрүнө атайын камдалып жыйылган чөптөн бирөөсүнө 350 даана, ал эми экинчисине 150 даана түп чөп жардамга берилди.