
Автоунаа туруучу аянтча Каныш-Кыя айыл аймагында жасалууда
27-тогуздун айы, 2023-ж // Экономика // muhamedalyeЧаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылы Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкандыктан айыл аймак башчысы Бакытбек Исабеков айылдын тазалыгына, санитардык жана архитектуралык абалына маани берип келет.
Ал эми Чаткалдан Бишкек, Ош жана башка район ичиндеги багыттарга таксилер негизинен ушул айылдын борборуна келип бир жерге жол жээгине токтоп, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп келишкени менен жолдон өтүп жаткан адамдар менен автоунааларга тоскоолдук жаратып жаткан. Бул тоскоолдукту чечүү максатында жол жээгинен атайын участка бөлүнүп, таксилер туруучу аянтча куруу иши башталды.
Бүгүн бул атайын аянтчанын жерине шагалдар төгүлүп, унаалар жүрчүү жолдун деңгээлине жеткиликтүү болуп бир, бир жарым метрге чейин көтөрүлүп, тегизделип башталды.
Автоунаа туруучу аянтча Каныш-Кыя айыл аймагынын карамагындагы оор техникалар менен жасалууда.