Балык-Сай участкасындагы эки булактан чыккан таза суулар элге жеткирилди
27-тогуздун айы, 2023-ж // Экономика // muhamedalyeЧаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылында элди түйшөлтүп жүргөн маселенин бири таза суу болчу.
Анткени бул айылда буга чейин эле таза суу чыгарылганы менен куйманын башында мал жүргөндүктөн, айылдагы чорголордон чыгып жаткан суунун даамы бузулуп турган. Ушундай себептерден улам жергиликтүү тургундар Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Сеңирбаевге айыл аймак башчысы Бакытбек Исабековго бул маселени чечип берүүгө кайрылышкан.
Натыйжада жакында Каныш-Кыя айыл аймагынын алдындагы «Каныш-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан айылдын Балык-Сай участкасындагы эки булактан чыккан таза суулар булак башынан 600 метр аралыкка мурдагы суу түтүктөрү турган жерге чейин жеткирилип казылып, жаңы суу түтүктөрү жаткырылып, андан беркиси эски түтүктөргө туташтырылып, ичүүчү таза суу чыгарылып берилди.