
Каныш-Кыя айыл аймагы өзүнүн карамагындагы социалдык жана башка объектилерин 612 тонна 300 кг көмүр менен камсыздады
27-тогуздун айы, 2023-ж // Экономика // muhamedalyeКыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» 220- токтомун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 30-майындагы 107-б буйругун турмушка ашыруу максатында Каныш-Кыя айыл аймагы өзүнүн карамагындагы айылдардагы мектеп, бала бакча, китепкана жана айылдык маданият үйлөрүнө, айыл өкмөтүнүн имаратына жалпысы 612 тонна 300 кг көмүр жеткирип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздады.
Ал эми жергиликтүү тургундарга сатып алуусу үчүн 75 тонна Кара-Кече көмүрүн ташып келип, 25 тоннасын Кара-Булак айылына, ал эми калган 50 тоннасын айыл өкмөттүн имаратына түшүрдү.
Учурда бул көмүр килосу 8 сомдон сатыла баштады. Элдин талабына жараша айыл өкмөт тарабынан көмүр дагы ташылып келинмекчи.