РЭС участкасында жол жээгине тигилген карагайларды темир тосмо менен коргондоо жумуштары

РЭС участкасында жол жээгине тигилген карагайларды темир тосмо менен коргондоо жумуштары

27-тогуздун айы, 2023-ж // Экономика // muhamedalye
Көзү начар көргөндөр үчүн:


Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айылындагы РЭС участкасындагы быйылкы жылы жол жээгине тигилген карагайларды темир тосмо менен коргондоо жумуштары аягына чыгып калды.
Бул ишти аткарууну айыл аймак жарыялаган тендерден «Марлен АС» ЖЧКу 1 млн 687 миң 301 сомго утуп алып, жалпы узундугу 446 метр жерди коргондоп, учурда темир тосмолорду сырдоону аягына чыгарууда.
Ишти аткарууга акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен каржыланып жатат.