Жайыт комитети тарабынан кунарсыз жайыттарда үрөндөрдү себүү иши кызуу жүрүп жатат
27-тогуздун айы, 2023-ж // Айыл чарбасы // muhamedalye Көзү начар көргөндөр үчүн:
Каныш-Кыя айыл аймагынын алдындагы Жайыт комитети тарабынан кунарсыз жайыттарды жакшыртууга КРнын Айыл Чарба Министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген үрөндөрдү себүү иши кызуу жүрүп жатат.
Бүгүнкү күнгө айыл аймактын Үргөдөй участкасында 120 гектар жайыт айдалып, үрөндөр себилди.
Жайыттарды жакшыртуу камылгасында Жайыт комитетинин жамааты техниканы эле карап отурбай, үрөндөрдү кол менен да себишүүдө.
Министрлик тарабынан Чаткал районуна берилген Кара-Кыя, Буудайык, Ак-Сокто, Кара чөп, Бетеге, Тарак-Баш чөптөрүнүн үрөндөрү себишүүдө.