Жолдор кардан тазаланууда

Жолдор кардан тазаланууда

14-бештин айы, 2023-ж // Без рубрики // bekturb
Көзү начар көргөндөр үчүн:


Чаткал өрөөнүндөгү айылдарга быйылкы алгачкы кар тегиз жаады. Ал эми, Каныш-Кыя айыл аймагы кыш мезгилинде өз карамагындагы айылдардагы ички жолдорду кардан тазалап туруу үчүн айыл аймактын карамагындагы 2 даана погрузчик, 1 даана автогрейдер, 1 даана ДТ-75, 3 даана МТЗ-82 жана 2 даана МТЗ-95 үлгүсүндөгү тракторлорун толук даярдыкка койду.

 

Ал эми айыл аймактын борбору Каныш-Кыя айылынан 45 чакырым алыста жайгашкан Чакмак-Суу, Башкы-Терек айылдарындагы ички жолдорду кардан тазалоо үчүн атайын бир техника бөлүнгөндүгүн айыл аймак башчысы Бакытбек Исабеков маалымдады.