Кышкы оюндар уюштурулду

Кышкы оюндар уюштурулду

27-үчтүн айы, 2024-ж // Маданият // muhamedalye
Көзү начар көргөндөр үчүн:


Элибизде «Кыштын кыштай….» болгону жакшы дегени бекеринен айтылбаса керек. Кыш мезгилинин ушул күндөрүндө өлкөбүздүн башка аймактарында чаң сапырылып жатса, Чаткалда кыш өз өкүмүн сүрүп, айлана ак карга чүмбөттөлүп, эл кышкы оюндарды өткөрүп, эс алышууда.

 

Райондун жетекчилери келечекте кышкы лыжа базасын курууну максаттап жаткан Ак-Таш айылына жакын жердеги кышкы оюндарга ылайыктуу жерде бүгүн обондуу ырлар жаңырып, эл топтолуп, жарманкелер уюштурулуп, «Кышкы оюндардын фестивалы Чаткал-2024» иш чарасы өткөрүлдү.

Мында келгендер ак кар үстүндө тоодон ылдый лыжа, чана тебишип, музыка коштоосунда таза аба, ачык асман алдында бийлешип, оюн кумарынан чыгышып, черлерин жазышты.

Белгилей кетсек, Каныш-Кыя айыл аймагы бул оюндарды өткөрүүгө кечээтен даярдыктарды көрүп, оюндар өтчүү жерге чатырларды тигишип, сахналарды жасап, даярдыктарды көргөн. Ал эми бүгүн ал жерге эс алууга келгендерди чана, лыжа, тюбинг менен камсыздады.

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын маалымат кызматы.