Айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу максатында ишембилик өткөрүлдү

Айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу максатында ишембилик өткөрүлдү

04-чын куран, 2024-ж // Соцтармак // muhamedalye
Көзү начар көргөндөр үчүн:


2024-жылдын 30-мартында  Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын  29.02.2024-жылдагы  райондун аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу  жана санитардык абалын жакшыртуу жөнүндө №66-б буйругунун алкагында  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке айыл аймакта орун алган райондук маанидеги мекемелерден баштап, айылдардагы жеке ишкерлер жана жол боюнда жайгашкан үйлөрдүн кожоюндары да чыгышып, айлана тегерегин тазалашты.

Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагынын жамааты да ишембиликке катышып, жол жээктерин Кыз-Булак участкасынан баштап, орчундуу жерлердеги кар алдынан чыккан таштандыларды теришип, иретке келтиришти.

Топтолгон акыр-чикирлер айыл өкмөттүн  алдындагы «Каныш-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникасы менен атайын жайга ташылды.

Каныш-Кыя айыл аймагынын маалымат кызматы.