Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө ишембилик уюштурулду
06-чын куран, 2024-ж // Соцтармак // muhamedalye Көзү начар көргөндөр үчүн:
Бүгүн 6-апрельде Чаткал районунун аймагында 2024-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин 3 айлык айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндөрүү, жашылдандыруу жана санинардык абалын жакшыртуу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө ишембилик өткөрүлдү. Каныш-Кыя айыл аймагынын эмгек жамааты да ишембиликке катышып, айыл өкмөттүн айланасын таштандылардан тазалашып, иретке келтиришти.
Ошондой эле айыл аймактагы ар бир айылда ишембилик өткөрүлүп, жалпы 11,7 тонна таштанды айыл аймактын алдындагы «Каныш-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникасы менен атайын жайга ташылды.
Каныш-Кыя айыл аймагынын маалымат кызматы.