спорт комплектин ачылышы
09-баш оона, 2024-ж // Соцтармак // muhamedalyeБүгүн Жогору Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев , Жогору Кеңештин депутаттары Азизбек Турсунбаев, Жанар Акаев, Саид Зулпуев жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттин областтагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Чаткал районуна иш сапары менен келишти.
Жогорку Кеңештин спикери Н. Шакиев жетектеген эл өкүлдөрү менен Министрлер кабинетинин кызматкерлери алгач Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылында жаңыдан салынган «Каныш-Кыя» спорт комплексинин ачылышына катышып, лентасын кыркышып, спорт комплекстин ичин көрүп чыгышты жана спорт комплекске керектүү спорттук инвентар алуусу үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Болотбек Ашырбаевге 200 миң сомдук сертификат берди.
Белгилесек, бул спорт комплекс Республикалык бюджеттен 25,5 млн сомго курулган.
Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүшүп, ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев республикалык бюджеттен жаңыдан оңдолуп жаткан Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун асфальтталып жатышы жана бул жолду келерки жылы толук бүткөрүү пландалгандыгын айтты. Ал эми иш сапарында атайын Талас аркылуу Кара-Буура ашуусу менен келип, унаа жолдун абалын көрүп, бул ашуунун 16 чакырымына жаңы жол салуу үчүн жеринен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана быйыл бюджетке киргизиле турганын маалымдады.
Спикерге жергиликтүү тургундар тарабынан Талас областына узак мөөнөткө берилген Чаткалдын мал жайыттарын башкарууну Чаткал тараптан болуусун чечип берүүнү, мал жайыттарды кунарсыздануудан сактоо үчүн сандан сапатка өтүү, тоо кен тармагы, билим берүү системасындагы мыйзамда каралган мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилерин дайындоодо мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунуштарын, Чандалаш айылындагы жерлерди трансформациялоо зарылчылыктарын айтышып, төраганын жоопторун угушту.
Жолугушуудан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана аны менен чогу жүргөндөр Кара-Булак айылына барышып, айылдагы авариялык абалда турган Жамалбек Ташкеев атындагы жалпы негизги билим берүү мектебинде болушуп, мектептин ички жана тышкы абалы менен таанышып, мектептин мугалимдери менен жолугушту. Бул эскилиги жеткен мектептин абалын көргөн төрага келерки жылдын бюджетине киргизип, жаңы мектеп курууну министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө тапшырды.
Каныш-Кыя айыл аймагынын маалымат кызматы