31-август Эгемендүүлүк күнү
31-баш оона, 2024-ж // Соцтармак // muhamedalyeБүгүн Каныш-Кыя айылында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди.
Майрамдык салтанат алгач райондогу мекемелерде иштегендердин парады менен башталды.Парадтан Каныш-Кыя айыл аймагынын эмгек жамааты жана айыл өкмөттүн ишинин илгерилөөсүнө салымын кошуп элдин кызматында болуп жаткан оор техникалар кошо өтүп, элдин назарын өзүнө бурду.
Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Болотбек Ашырбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, айыл аймактагы эмгек алдыңкыларын Каныш-Кыя айыл аймагынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Майрамдык салтанат жандуу обондуу ырлар менен коштолуп, жарманкелер уюштурулуп, спорттук оюндар менен коштолду.
Майрамдык салтанатка келген аксакалдарга Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан сый дасторкон жайылып, уюштурулду.Каныш- Кыя айыл аймагынын маалымат кызматы.