Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин токтомдору
24-бештин айы, 2024-ж // Без рубрики // muhamedalye
I сессия
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
№ 1 Т О К Т О М У
27.11.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”
Эсептөө комиссиясынын Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Эсептөө комиссиясынын Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
- Козубаев Мирбек Мизираимович Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрагалык кылуучу: Н.Таласбаева
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
№ 2 Т О К Т О М У
27.11.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен төрага М.Козубаевдин сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы М.Козубаевдин сунушу эске алынсын.
- Кутбидин уулу Бектемир Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
№ 3 Т О К Т О М У
27.11.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгына ылыйык, Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин Кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планынын негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинде элдик курултайга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгына ылыйык, Кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруужана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планыны аткарууга алынсын.
- Кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруужана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жааматтарынан Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы, элдик жыйындарды өткөрүү графиги квотасы жана өткөрүлүүчү жери, жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын курамы бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: М.Козубаев
Кезектеги II сессия
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 1 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”
Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы №01-25/330 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Регламентин бекитүү боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы №01-25/330 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Регламентин бекитилсин.
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары, туруктуу комиссиялары, депутаттары жана жооптуу катчысы бекитилген Регламенттин негизинде иш алып барсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам, бекитилген Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жана жооптуу катчы Н.Таласбаевага милдеттендирилсин.
Төрага: М.М.Козубаев
Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекттик
кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча мамлекеттик агенттигинин
2024-жылдын 06- декабрындагы № 01-25/330 буйругуна тиркеме
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
- Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
- Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
- Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
- Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
- Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
- Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
- Туруктуу комиссиялардын жыйындары
- Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
- Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
- Депутаттык топтор
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
- Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
- Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
- Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
- Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
- Сессиянын күн тартиби
- Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
- Депутаттык этика
- Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
- Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
- Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
- Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
- Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
- Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
- Жарыш сөз (талкуулоо)
- Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
- Добуш берүү жана анын түрлөрү
- Эсептөө комиссиясынын иши
- Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
- Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
- Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
- Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
- Айылдык кеңештин айыл аймактын тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
- Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети
- Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
- Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
- Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
- Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
1.1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши – айыл аймакта жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу
5 жылдык мөөнөткө шайланган, 21 (жыйырма бир) депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде айыл аймагынын калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.
1.3. Айылдык кеңештин сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар айылдык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.5. Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Айылдык кеңештин өзүнө таандык мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
- Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга жана ижарага берүүгө макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
5) айыл өкмөтүнүн иши жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу;
6) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
8) кеңештин регламентин бекитүү;
9) айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
10) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
11) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
12) ичүүчү сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;
13) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) айыл аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
18) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
19) айыл аймагынын тургундарынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча программаларын планын бекитүү;
20) айыл аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
21) айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
22) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
23) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
24) айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында айыл өкмөтү менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
25) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
26) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды айыл өкмөтунө тапшыруу;
27) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
30) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
- Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү депутаттык топко таандык.
3.3. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 3-5 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 5 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.7. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча маалыматты (Ф.А.А) жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.8. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, төраганы шайлоо боюнча кворум түзүлдү деп эсептелет.
Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
— бир талапкер катталса, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштарын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
— эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
— экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында ушул пунктта каралбаган башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо, эгерде:
— кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
— эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
- Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1. Айылдык кеңештин төрагасы:
— айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
— айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
— айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
— айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;
— айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
— айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
— айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
— айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;
— депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
— айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе айылдык кеңештин атынан чыгат;
— айылдык кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
— айылдык кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
— мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет;
— ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме (буйрук) чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал айылдык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
- Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
5.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары/басарлары айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын берген сунушу боюнча айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын/басарларын шайлоодо добуш берүү ачык же жабык болоорун ошол сессияда депутаттар чечет.
Айылдык кеңештин төрагасынын 1 (бир) орун басары болот.
5.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
5.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
-айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда төраганын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле төраганын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат;
- Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
6.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары/басарлары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот. Мындай учурда төрага жана анын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселесин жазуу жүзүндө кеңешке кайрылат. Мындай учурда ачык добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өтүнүч кабыл алынат.
6.2. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе эң кем дегенде депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет.
6.3. Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен, ал эми төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бул учурда добуш берүүнүн ачык же жашыруун болушун ушул Регламентте белгиленген тартипте аныкталат.
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7.1. Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, айыл аймагында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт. Зарыл болгон учурда айылдык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, сессияда каралышы мүмкүн эмес.
7.2. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө токтом кабыл алуу менен түзүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
7.3. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.
7.4. Туруктуу комиссиянын сандык курамы: 4 депутаттан кем болбоого жана 5 депутаттан көп болбоого тийиш.
7.5. Айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссияга мүчө боло алат жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.6. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлашат.
7.7. Комиссиянын төрагасы жана орун басары өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.8. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдык кеңешке отчет беришет.
7.9. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, айылдык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинде 4 туруктуу комиссия бар.
- Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды кеңештин кароосуна киргизет;
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
2) айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;
3) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
4) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында айылдык кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү айылдык кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
8.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча айыл өкмөтунүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
8.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
- Туруктуу комиссиялардын жыйындары
9.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
9.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
9.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
9.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселелер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
9.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, айылдык кеңештин төрагасынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
9.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, айыл өкмөт башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
9.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет.
9.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) кеңештин аппаратына жүктөлөт.
9.11. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо жыйыны уюштурулушу мумкүн.
- Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
10.1. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
1) комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат;
2) комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы аркылуу маалымдайт;
3) комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, айылдык кеңештин төрагасы менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
4) туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
5) комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
6) комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
7) жыл сайын айылдык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.
- Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
11.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
2) комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
3) комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
4) комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
5) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
6) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
11.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
2) өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө;
3) айылдык кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
4) ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
- Депутаттык топтор
12.1. Депутаттык топтор -айылдык кеңештин үчтөн кем эмес депутаттарынын бирикмеси.
12.2. Депутаттык топ анын түзүлгөнү, аталышы, курамынын тизмеси, лидеринин фамилиясы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
12.3.Депутаттык топ ушул Регламенттин негизинде ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.
12.4. Депутаттык топ алар боюнча саясий көз карашын аныктоо үчүн айылдык кеңеш карай турган маселелерди алдын ала кароого укуктуу.
12.5. Депутаттык топтун иши төмөнкү учурларда токтотулат:
— айылдык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
— айылдык кеңеш өзүн өзү таратканда.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
- Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
13.1. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасы тарабынан (эгерде мыйзамда башкача жазылбаса) шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялангандан кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
Биринчи сессияны даярдоону айылдык кеңештин аппараты (жоопту катчы) жүргүзөт.
13.2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (мындан ары — катчы) биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкү маалыматтарды жиберет:
— жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;
— жоопту катчынын байланыш телефондорун;
— сессия өтүүчү жайды жана убактысын.
13.3. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү айылдык кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.
13.4. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот.
13.5. Төрагалык кылуучу айылдык кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.
13.6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы айылдык кеңештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгини тапшырат.
13.7. Айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мандат тапшырылган күндөн тартып башталат.
13.8. Жаңы чакырылыштагы айылдык кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелерди биринчи кезекте кароого тийиш:
— төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;
— төраганы жана анын орун басарын / орун басарларын шайлоо;
— айылдык кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына башка да маселелер киргизилиши мүмкүн.
13.9. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирети сессиянын күн тартибинде аныкталат.
- Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
14.1. Айылдык кеңеш, анын туруктуу комиссиялары иш планын бир жылга түзөт. Айылдык кеңештин иш планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
14.2. Айылдык кеңештин иш планы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары/орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, жооптуу катчысы менен бирдикте айылдык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша айыл аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
14.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы айылдык кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, айылдык кеңештин төрагасы менен бирдикте түзүлөт.
14.4. Иш планга бир жыл аралыгында айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиялардын жыйындарында карала турган маселелер киргизилет.
14.5. Айылдык кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары айыл аймагындагы маалымат такталарына документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу айыл аймагынын тургундарына маалымдалуусу шарт.
- Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
15.1. Айылдык кеңештин сессиясы карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоо жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алына турган, ишинин эң негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп саналат.
15.2. Айылдык кеңештин сессиясы дептуттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү (кворум) болот.
15.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 15 мүнөттүн кийин кворум болбосо, төрага 10 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде тыныгуудан кийин да кворум камсыз кылынбаса, анда сессия кворум жоктугуна байланыштуу башка убакытка жылдырылат.
15.4. Айылдык кеңештин сессиясын төрага чакырат:
— өзүнүн демилгеси боюнча;
— дептуттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин (жазуу жүзундөгу) демилгеси боюнча;
— айыл өкмөт башчысынын сунушу боюнча;
— жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин сунушу боюнча.
15.5. Айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу сессиялардан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
15.6. Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга ушул Регламентте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
15.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналса, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
15.8. Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессияга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, депутаттарга, айыл аймагынын тургундарына жеткиликтүү, көрүнүктүү жерлерге илинүүгө тийиш.
15.9. Айылдык кеңештин сессиясына катышуучу депутаттардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же кеңештин төрагасында) сакталат.
15.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тиешелүү документ менен тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер сессияга депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат кеңештин төрагасына сессияга катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
15.11. Сессияларга бир жыл аралыгында төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутатка карата, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
- Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
16.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же айыл өкмөт башчысынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин жана депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча кезексиз сессия чакырууга укуктуу.
16.2. Кезексиз сессияны чакыруу боюнча кеңештин төрагасынын сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгын негиздеген маалымдама депутаттарга жөнөтүлөт.
16.3. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып сессияга чейин 5 календардык күн мурун чакырылат. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессияга чейин 3 календарлык күн мурун таркатылат.
16.4. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана айыл аймак тургундарын маалымдоонун мөөнөтүн сактабастан кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
- Сессиянын күн тартиби
17.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору айылдык кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөт башчысынын сунуштарынын негизинде сессия күнүнө чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
17.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
17.3. Өткөрүлө турган жайы жана убактысын белгилөө менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат такталарына жайгаштырылат.
17.4. Эгерде айылдык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү маалымат булактарына жарыя кылынат.
17.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору төрага тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
17.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
17.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда туруктуу комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
- Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
18.1. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
-кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
-кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
-жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга суроолорду берүүгө;
-кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын сессияда отчетун угуу, ошондой эле башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
-өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
18.2. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессияга толук катышууга;
-регламентти, сессиянын күн тартибин жана төраганын укук ченемдүү талаптарын сактоого;
-колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөгө;
-жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
-чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, жалган маалыматтарды пайдаланбоого;
-сессия учурунда сыртка чыгууда төрагадан уруксат алууга.
18.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутаттын мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.
18.4. Айылдык кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
- Депутаттык этика
19.1. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.
19.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн аракет кылууга тийиш.
19.3. Айылдык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйындарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төраганын эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн четтөөгө тийиш.
19.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда регламент боюнча тиешелүү туруктуу комиссия тарабынан талкууланып, корутундусу кеңештин кароосуна сунуш кылынууга тийиш.
19.5. Сессияларда, жыйындарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорду айтпоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
- Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
20.1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен сессияны өткөрүүгө жолтоо болсо, төраганын эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
-эскертүү;
-сессиянын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
20.2. Эскертүүгө карабай кайрадан тартип бузуулар болсо, ага карата жыйын залынан чыгарылат жана мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү этика боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна берилет.
20.3. Депутатка жана сессияга катышкандарга карата колдонулган чаралар сессиянын протоколунда белгиленүүгө тиийиш.
- Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынадепутат эмес адамдардын катышуу тартиби
21.1. Айыл өкмөт башчысы, ошондой эле айыл аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар сессияларга жана туруктуу комиссиялардын жыйындарына атайын уруксат алуу менен 3 кун мурунтан катчыга катталып катышууга укуктуу.
21.2. Жогоруда аталган адамдар сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
21.3. Айылдык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары
(аты-жөнү, жашаган жери, кызматы) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагага берилет.
21.4. Сессияга жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана Регламентти бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырылат.
21.5. Сессияга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде катышуучулардын саны көп болуп, сессия, жыйындар залына батпаса аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
- Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
22.1. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук (тескеме) түрүндө жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кабыл алынат, айрым маселелер боюнча кенештин чечимдери жалпы депутаттардын учтөн эки добушу менен кабыл алынат. Кабыл алынган токтом, буйруктарга (тескемелерге) — кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда төраганын орун басары кол коет.
22.2 Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары — токтом түрүндө, ал эми башка актылары — буйрук (тескеме) түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
1) Айылдык кеңештин токтомдору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
2) Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
22.3. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
22.4. Айылдык кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн айылдык кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алууга укуктуу.
22.5. Айылдык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
22.6. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган айылдык кеңештин токтомдору айыл аймакта жашаган бардык жарандар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
22.7. Айылдык кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат такталарында жайгаштыруу аркылуу жана «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
- Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
23.1. Айылдык кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
— тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары жооптуу катчы менен бирге даярдалган жана айылдык кеңештин төрагасы менен макулдашылган токтомдун долбоору;
— токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);
— салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
— тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
— экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
23.2. Айылдык кеңештин токтому мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде да киргизилет жана кабыл алынат. Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу айылдык кеңештин чечими болсо, токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору 10.05.2021-жылдагы №3 токтомунун негизинде мамлекеттик тилде кабыл алынат.
23.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.
- Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
24.1. Айылдык кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында айылдык кеңештин депутаттары тарабынан күн тартибине кошумча киргизилип, бекитилген маселелер каралат.
24.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
24.3. Айылдык кеңештин депутаты сессияда каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын берүүгө укуктуу.
24.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
24.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
24.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар келип түшсө, төрага депутаттардын бардык сунуштарын түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш менен депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
24.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору айылдык кеңештин кезектеги сессиясына 3 айдан кийин гана киргизилиши мүмкүн.
24.8. Айылдык кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы толук эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, айылдык кеңештин кийинки сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.
24.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагага расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуу токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
- Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
25.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
-баяндама — 10 мүнөткө чейин;
-баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн — 3-5 мүнөткө чейин;
-күн тартибин талкуулоо үчүн – 3-5 мүнөткө чейин;
-талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн — 3-5 мүнөткө чейин;
-шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн — 3-5 мүнөткө чейин;
-талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн — 5 мүнөткө чейин;
-добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн — 3 мүнөткө чейин;
-жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн — 3 мүнөткө чейин;
-сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн — 3 мүнөткө чейин;
-кайталап сөз сүйлөө үчүн — 2 мүнөткө чейин;
25.2. Депутаттардын макулдугу менен төрага чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 2 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
25.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берүү добуш менен чечилет.
25.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
25.5. Депутат жыйында төрага тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
25.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагага жазуу түрүндө же оозеки түрүндө берилет.
25.7. Айыл өкмөт башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
25.8. Төрага тарабынан сессиянын ишине 5 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу жарыяланышы мүмкүн.
25.9. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калган учурда төрага 5 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрага сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакытка же күнгө которууга укуктуу.
- Жарыш сөз (талкуулоо)
26.1. Төраганын уруксаты жок сессияда эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
26.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрага ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрага чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.
26.3. Төрага жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
26.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутат төрагага сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
- Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
27.1. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү. Айылдык кеңеш чечимди айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
27.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда айылдык кенеш айрым маселелер боюнча жалпы депутаттардын санынын учтөн экисинин добушу менен чечим кабыл алат.
27.3. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо (процедуралык) маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
- Добуш берүү жана анын түрлөрү
28.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
-айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны — 21; (мисалы: 11, 21, 31, 41 депутат)
-сессияга катышкандардын саны – каттоодон өткөн депутаттардын саны.
28.2. Айылдык кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат:
-ачык добуш берүү — депутаттардын кол көтөрүүсү аркылуу;
-жашыруун добуш берүү — депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген үкөккө салуу аркылуу жүргүзүлөт.
28.3. Айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө, онлайн добуш берүүсүнө жол берилбейт.
28.4. Айылдык кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы” добуш бере алат. Бир маселе боюнча депутат бир гана добушка ээ.
28.5. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
28.6. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
- Эсептөө комиссиясынын иши
29.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн депутаттар эсептөө комиссиясын түзушөт. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү депутаттардан турат жана так санда болуусу шарт.
29.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.
Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
29.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер айылдык кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны айылдык кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
29.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
29.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.
29.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.
29.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.
29.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
29.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
29.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
- Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
30.1. Айылдык кеңештин жоопту катчысы баяндамачы менен бирдикте айылдык кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
30.2. Айылдык кеңештин төрагасы кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
30.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган токтомдун мазмуундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
30.4. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
— айыл аймакта кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен айылдык кеңеш аныктаган басылмаларда же атайын көрүнүктүү жерлерде (такталарда, стенддерде);
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жаряланат.
30.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
30.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
30.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердикти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
30.8. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен айылдык кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу жооптуу катчы ишке ашырат:
— актынын түрүн көрсөтүү;
— ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
— кабыл алынган жери жана датасы;
— каттоо номери.
30.9. Расмий жарыяланган күнү айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын 7 жумушчу күндүн ичинде Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
30.10. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн айыл аймактын маалымат илинүүчү такталарына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
- Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
31.1. Айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.
31.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн кеңештин жооптуу катчысы тарабынан жүргүзүлөт. (Жооптуу катчы каралбаган айылдык кеңеште протоколду айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жүргүзөт).
31.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:
а) айылдык кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду, айылдык кеңештин чакырылган жылы, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси өзүнчө тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;
б) негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
31.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.
31.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу катчы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчы тарабынан кол коюлат.
31.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы айылдык кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алар көчүрүп алууларды жүргүзөт.
31.7. Айылдык кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар айылдык кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.
31.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары жооптуу катчыда сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда сессиялардын, жыйындардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
31.9. Айылдык кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.
- Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө
32.1. Айылдык кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
32.2. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, айылдык кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:
— аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;
— аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;
— ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
— башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;
— токтомду жокко чыгаруу;
— токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
— кошумча токтомду кабыл алуу.
32.3. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Айылдык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга айылдык кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
- Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
33.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындыгын, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү айыл өкмөт башчысына тапшырууга укуктуу.
33.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
33.3. Айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы айыл өкмөтүнөн, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
33.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
33.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен айылдык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.
33.6. Айылдык кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтунүн отчету каралат.
33.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айылдык кеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.
- Айылдык кеңештин айыл аймактагы тургундардын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
34.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү жамаатын уставына ылайык жарандар элдик ченем чыгаруу демилгесине ээ.
34.2. Жергиликтүү жамаат тарабынан айылдык кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.
34.3. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусунда айылдык кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
34.4. Жергиликтүү жамаат тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган айылдык кеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.
- Айылдык кеңештин мамлекеттик органдар менен өз ара аракети
35.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик органдары менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
35.2. Мамлекеттик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
35.3. Айылдык кеңеш мамлекеттик органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
35.4. Айыл аймактын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун айылдык жана райондук бөлүмдөрүнүн, айыл өкмөтунүн жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү чакырылат.
35.5. Айыл аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча айылдык кеңеш консультацияларды өткөрөт жана айыл өкмөтү менен өз чечимдерин жазуу түрүндө макулдашууларды жүргүзөт.
- Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
36.1. Айылдык кеңеш айыл аймакты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.
36.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн, башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.
36.3. Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдук экспертизадан өткөрүү зарыл болгон учурларда жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке тартат.
- Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
37.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.
37.2. Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтү жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.
37.3. Айылдык кеңеш, анын Аппараты, айылдык кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:
— шайлоочуларды кабыл алуу;
— арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;
— шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
— шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, айыл өкмөткө депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.
37.4. Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, жооптуу катчы жыл сайын айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу айылдык кеңештин сессияларында депутаттар тарабынан каралат.
- Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
38.1. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу, маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү айылдык кеңештин ишине коюлган талап болуп эсептелет.
38.2. Айылдык кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу берүү жолу менен, ошондой эле айылдык кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.
38.3. Айылдык кеңештин сессияларын, туруктуу комиссиялардын жыйындарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
39.1. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан айылдык кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы камсыз кылат.
39.2. Жооптуу катчы айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана депутаттарга жардам көрсөтөт. Сессияларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
39.3. Жоопту катчы айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
— айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
— айылдык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, төраганын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
— сессияларга материалдарды, анын ичинде токтом долбоорлорун жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
— айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга жана бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
— сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарын маалымдайт;
— сессиялардын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарды каттоону жүргүзөт;
— чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына каттону жүргүзөт;
— иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
— айылдык кеңештин токтомдорун долбоорун даярдоого көмөк көрсөтөт жана жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, айылдык кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
— расмий жарыялангандан кийин айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
— айылдык кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
— туруктуу, убактылуу комиссияларга уюштуруучулук жагынан көмөк көрсөтөт;
— башка ченемдик укуктук актыларга, ушул Регламентке ылайык жана төраганын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
— мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актылардын аткарылышын камсыздайт
- Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
40.1. Айылдык кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен сессияда кабыл алынат.
40.2. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана сессияда каралат.
40.3. Регламенттин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Регламенттин жоболорун түшүндүрүү айылдык кеңештин сессиясында берилет.
40.4. Бул Регламентте тескелбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 2 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын шайлоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүп жана бекитүү боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын түзүлгөн туруктуу комиссияларынын курамы бекитилсин.
- Түзүлгөн туруктуу комиссиялар, комиссиянын төрагаларын шайлоо менен 2025-жылга карата иш пландарын иштеп чыгышсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жана жооптуу катчы Н.Таласбаевага милдеттендирилсин.
Төрага: М.М.Козубаев
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын
КУРАМЫ
1.Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамы.
1.Сапарбек уулу Тынарбек
- Рысбекова Эркайым Сатимбаевна
- Дөлөкеев Мирлан Тайырович
- Максымбеков Талантбек Сапарбаевич
2.Мыйзамдуулук, укук тартиби, жер атылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиянын курамы.
- Субанова Саадакан Жашановна
- Исмаилов Темирбек Сапарбекович
- Рысалиев Нургазы Рысалиевич
- Назарова Апел Кочкорбаевна
- Таласбаева Нуржамал Көчөрбаевна
3.Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы.
- Мамурбеков Равшанбек Райимкулович
- Дувлатова Гүлбайра Курманбековна
- Молдалиева Айгүл Сатикеевна
- Атабаева Меркан Акимбаевна
- Молдотаева Чолпонай Салимбаевна
4.Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын курамы.
- Ажыбеков Залкарбек Бактыбекович
- Сейталиев Урал Мелисбаевич
- Жуматаев Абабакир Акматович
- Жолдошов Саматбек Кылычбекович
- Азимкул уулу Исхак
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 3 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунуштоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 13.12.2024-жылдагы №01-19/2332 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүүнү жана Жаңы-Базар айылындагы “Алтын Өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун айланасын короолоо, көрктөндүрүү жана оюн аянтчаларын курууну дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунуштоо боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жалпы сметалык баасы 4 430 403 (төрт миллион төрт жүз отуз миң төрт жүз үч) сом менен бекитилсин.Бекитилген акча каражатынан 1 329 121 (бир миллион үч жүз жыйырма тогуз миң бир жүз жыйырма бир) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн 2025-жылдан каржылансын.
- Жаңы-Базар айылындагы “Алтын Өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун айланасын короолоо, көрктөндүрүү жана оюн аянтчаларын курууга жалпы сметалык баасы 3 758 455 (үч миллион жети жүз элүү сегиз миң төрт жүз элүү беш) сом менен бекитилсин.Бекитилген акча каражатынан 1 127 536 (бир миллион бир жүз жыйырма жети миң беш жүз отуз алты) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн 2025-жылдан каржылансын.
- “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюму үчүн 3 101 282 (үч миллион бир жүз бир миң эки жүз сексен эки ) сом акча каражаты, “Алтын Өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюму үчүн 2 630 919 (эки миллион алты жүз отуз миң тогуз жүз он тогуз ) сом акча каражаты дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 4 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 17.12.2024-жылдагы №01-19/2371, №01-19/2372 чыгыш сандуу кайрылуулары жана Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын № 1-2-справкалары менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл аймагына 2024-жылдагы бекитилген бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынан Башкы-Терек айылындагы реконструкциялоодон өтүп жаткан кампанын курулуш иштеринин долбоор сметага киргизилбей калган кошумча жумуштарын аткаруу үчүн сметада көрсөтүлгөн 222 697 (эки жүз жыйырма эки миң алты жүз токсон жети) сом, Айгыр-Жал айылынын борборун реконструкциялоодо долбоор сметага киргизилбей калган кошумча жумуштарды аткаруу үчүн сметада көрсөтүлгөн 259 231 (эки жүз элүү тогуз миң эки жүз отуз бир) сом акча каражатын бөлүнүп берүүдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу ФЭБ башчы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 5 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 16.12.2024-жылдагы №01-19/2353, 18.12.2024-жылдагы №01-19/2394 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагына 2024-2025-жылдары күз-кыш мезгилдерине жергиликтүү калкты арзан көмүр менен камсыз кылууда дизелдик күйүүчү май сатып алууга керектүү акча каражатын жана Ак-Таш айылынданы Маданият участогуна Чаткал дарясынан өтүүчү асма көпүрөнүн оңдоп түзөө иштерин аткаруу үчүн өзгөчө кырдал катары түз келишим менен жасатууга чечим кабыл алып берүүнү Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл аймагына 2024-2025-жылдары күз-кыш мезгилдерине жергиликтүү калкты арзан көмүр менен камсыз кылууда дизелдик күйүүчү май сатып алуу үчүн жалпы сметалык баасы 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты жана Ак-Таш айылындагы Маданият участогуна Чаткал дарясынан өтүүчү асма көпүрөнүн оңдоп түзөө иштерин райондук жарандык комиссиянын жеринен таанышып өзгөчө кырдаал катары түзүлгөн актынын негизинде оңдоп түзөө иштерин түз келишим менен жасатуу Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 6 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Чаткал райондук Суу чарба башкармалыгына Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы каналдарды өткөрүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 11.12.2024-жылдагы №01-19/2295 чыгыш сандуу КР Министрлер Кабинетинин 29.04.2024-жылдагы №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 21.05.2024-жылдагы №171-б сандуу буйругунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы чарбалык ички арык-каналдарды Чаткал райондук суу чарба башкармалыгана өткөрүп берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- КР Министрлер Кабинетинин 29.04.2024-жылдагы №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 21.05.2024-жылдагы №171-б сандуу буйругунун негизинде көрсөтүлгөн Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы 36 (отуз алты) чарбалык ички арык-каналдар Чаткал райондук суу чарба башкармалыгана өткөрүлүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 7 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уставын бекитип берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 16.12.2024-жылдагы №01-19/2355 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уставын бекитип берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уставы бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
Уставы
Биз Каныш-Кыя aйыл aймaгынын жергиликтүү жамааты өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жooпкерчилигибиз менен чeчүү укугyбyздy жaна милдетибизди сезүү менен;
ата-бабабыздын “Ыpыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп;
өзүбүздүн территориябыздагы жaшaгaн жepгиликтүү жaмaaттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып;
жергиликтүү жaмaaттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
І. Жалпы жоболор
II.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
III. Жергиликтүү маанидеги маселелер
- Жеpгиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкapyyну
жүзөөгө ашырууга түз катышуу формалары
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги
Принциптери жана эрежелери
- Жеpгиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен
алака жүргүзүүсүнүн тартиби
VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча
уюмдашышынын экономикалык — чарбалык негиздери
VIII. Корутунду жоболор
- Жалпы жоболор
І.Жалпы жоболор
1.1. Айыл aймaгынын жepгиликтүү жaмaaтынын Уставы -жepгиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же куpултайларында талкуунун жыйынтыгы бoюнчa жepгиликтүү кеңештин токтомy менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эpежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамaaттaрдын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жaмaaттaрдын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана КРнын Мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чeчүүдө жepгиликтүү жaмaaттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз аpа мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав айыл аймагында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, aйыл aймагында иштеп жaткaн бардык юридикалык жактар, oшондой эле жeкe жaктap жaнa aлapд
|
ын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
- Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
администрациялык-аймактык бирдик – бyл мaмлeкeттик бийлик жe жepгиликтүү өз aлдынча башкapyy оpгандары тиешелүүлүгүнө жарашa мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;
жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Kыpгыз Pecпубликасынын жapaндaры;
жepгиликтүү маанидеги маселелер — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн-түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн-түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар — мыйзамдын же келишимдин негизинде aткаpуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаpyy opгандары тарабынан мaмлeкeттик opгандapгa өткөрүлүп бepилген aйpым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
демилгечи топ — ушул Уставга ылайык айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү, айыл aймaгынын артыкчылыктyy көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча бaшкapyy opгандapы мeнен биpгeликтe чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө aшыpyy боюнча ыктыяpдyу негизде түзүлгөн айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме;
(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);
жергиликтүү курултай (жергиликтүү жамааттын курултайы)- айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жaшoo-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин жүзөөгө ашыруу үчүн зapыл бoлгон жepгиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоoрун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу (жыйыны) — жергиликтүү маанидеги мaселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу оpгандарынын жана жергиликтүү өз алдынча бакаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калккa мaaлымат берүү үчүн колдонулуучу айыл аймагынын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы.
коомдук угуулар — жамааттын турмушунун маaнилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга
|
, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эcкe aлyy менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу opгандарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо фopмaсындагы уюштурулган иш-чара;
жамааттын муктаждыгын чогуу иликтөө — маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жaнa кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу;
каада-салт – кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй-булөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахлак, каада-салт, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жaна үрп-aдaттapды ap кандaй ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт.
салт— жалпы элдик мүнөздөгү менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жaнa ыpым-жырымдap менен коштолуп турат.
эреже — бул ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир түрүн жүзөөгө ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрeжeлepди бeлгилеген чeнeмдик yкyктyк актынын формасы.
З. Айылдык аймактын территориясы
3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеrи жеpлерди өзүнө камтыйт.
3.3 Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды камтыйт.
Ак-Таш айылы;
Курулуш айылы;
Жаңы-Базар айылы;
Чандалаш айыллы;
Чакмак-Суу айылы;
Башкы-Терек айылы;-
Коргон-Сай _ айылы;
Кайың-Суу__ айылы; ___________________________________
Каныш-Кыя__ айылы;___________________________________
Жер-Капчыгай айылы; __________________________________
Кара-Булак____ айылы; __________________________________
Айгыр-Жал__ айылы; __________________________________
Кара-Суу_____ айылы; __________________________________
- Айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын статусу,
укуктары жана милдеттери
4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат.
4.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаpуу оpгaндаpы өз ишмepдүүлүгүнүн бapдык негизги маселелерин жергиликтүү жамаат менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечет.
4.4. Жepгиликтүү жaмaaттын өнүгүүсүн деңгээлине төмөндөгү белгилердин (прецеденттик мунөздөмөлөрүн) негизинде баа берсе болот:
-коомдук өз ара аракеттенүү, коңшулук мамилелер, жүрүм-туpумдун жалпы эрежелери жана нормалары;
|
— чарбалык муктаждык (көпүрө куруу, эс алуу, билим бepүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги;
— жан-дүйнө жана маданий керектөөлөрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги;
— жашаган жерин көрктөндүрүүдө жашоочулардын биримдиги;
-коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик;
-aймактык коомдук башкаруунун (ТОС) болушу жана активдүүлүгү;
— жарандардын өз ара салык киргизүүсүнүн болушу;
-маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдүүлүгү (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын caны);
— өндүрүштүк, чарбалык ишмердиктеги өз ара байланыш;
— жapaндapдын чeнeм чыгаруудагы активдүүлүгү (чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу);
-жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу оpгандарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу ( ЖӨБО отчетторун угууга катышкан жамааттын мучөлөрунун саны);
— жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумдy yзaтуу жана башка иш чараларына катышууcy, аpдaгepлepгe жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү).
4.5. Жергиликтүү жамааттын зарылчылыгына жараша бaшка жepгиликтүү жамааттар менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар.
4.6. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жaнa бaшка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган pacмий символдopдy бeлгилөөгө укуктуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгилeнет.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн
чыгуунун тартиби
5.1. Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы аны айылдык аймактын жергиликтүү жамааттынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.
5.2.Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген (кaттoocy боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган бардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.3. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, КРнын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4 КРнын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:
— ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
— ал каза болгондо;
-аны өлдү, дайынсыз жок бoлду дeп тaaнyy жөнүндө соттун чечими
|
мыйзамдуу күчүнө киргенде;
-ал айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1.Жepгиликтүү жамааттын мүчөлөрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:
— жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
— Кыpгыз Республикасынын мыйзамдapындa бeлгилeнген тapтиптe мамлекеттик оргaндарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
— жамааттын ишин башкарууга байланыштуу мaceлeлepди тaлкyулooгo
-мыйзамдаpда жана ушул Уставда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды жepгиликтүү кеңештин каpooсуна киргизүү үчүн демилгечи топторду түзүүгө;
— жааматтын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
— айыл өкмөтүнө жана жepгиликтүү кеңешке, мамлекeттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жeкe жaнa коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө, жамаатка тиешелүү бардык мaceлeлep бoюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жaнa кoюлган cypooлopyнa ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө:
— жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
— муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;
— айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү бeрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;
-жамааттын мүчөлөрүнүн биpгeлeшкeн күч apaкeттepи менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, о.э. жамаатташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме-ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга:
-жергиликтүү курултайларга, айылдык жыйындарга, чогулуштарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга , өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
-уставда каpалгaн yшyл укуктар өз алдынча башкapyy opгaндapы жe aлapдын кызмaткерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелүү органдарга кайрылууга;
— жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти ушул Устaвдын эpeжeлepин бузган yчyрда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сaктоону жaна yкyк бyзyлapды тoктoтyyнy
|
талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;
— жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;
-өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду КРнын мыйзам ченемдерине каршы келбегендей түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
— жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);
-мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;
— адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушун талап кылууга;
-ушул Уставда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдалануугa.
Жеpгиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Kыpгыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жepгиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери
7.1. Жеpгиликтүү жамааттын мүчөлөрү pасacына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдeтүү:
-Кыргыз Рeспубликасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка чeнeмдик укуктук актыларын, Ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
-жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктapын жана эркиндиктерин урматтоого;
— жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка aбалы, ошондой эле башка жагдайлаpы боюнча aдaмдapды бaсмыpлooгo жoл беpбөөгө;
-этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жaнa башка хаpaктердeги конфликтeрди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;
-этностук жамааттардын маданиятын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу бoлyyгa;
-жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө
-жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилepди,
|
жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөpдү, caнитapия бoюнчa тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча (бекитилген шарттарды, чекиттерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптapын caктooгo жaнa бaшкa коомдук кызматтарды милдеттүү түрдө аткарууга;
— жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;
-жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
— жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга.
— өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү алууну камсыз кылyyга;
-калктуу конуштардaгы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;
-кypчап тypгaн табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мaмиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянат мaмиле кылгандap менен aёcyз күрөшүүгө, тарихый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
— калктуу конуштарда мал кармоодо айдooлopду мaйкандоoго, талaaдaгы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, вeтepинap жоболорду сактоого;
— мал жаюуда малды Кыргыз Ресnyбликaсынын “Жaйыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жаюуга ылайык жерлерге жаюyгa;
— турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өpт коoпсуздугyнун сaнитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
— мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөнүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле жасабай ага каршы күрөшүүгө милдеттүү.
Жеpгиликтүү жамааттын ар-бир мүчөсү, өз аймагынын калыптанып калгaн шарттарына жараша, кошумча төмөндөгү өзгөчө милдеттерди жана парздарды аткарууга милдеттүү:
-ap бир ата-эненин милдети катары баланын өсүп-өнүгүүсүнө жана билим алуусуна кам көрүүгө, туура тарбия берүүгө жооп берүүгө;
— эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көрүүгө;
-жaлпы кaлктын ыйык пapзы кaтapы жaмaaттын ap бир мүчөсүнө гумaндyyлyк жaнa бoopyкepдик мeнeн мaмиле жасоого, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары-картаңдаpды, майыптарды, эмгекке жаpамcыздарды камкоpдyкка aлyyгa жaнa бaгyyгa;
— улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүүгө, аpаккечтике, уурулукка, бангиликке, сойкулукка, бузукулyкка, бекepпоздукка бapбooгo, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга;
— ар бир үй-бүлө башчысы өз үй-бүлөөсүндө ынтымактуу, бейпил туpмушту
|
камсыз кылууга, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоого, үй-бүлө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды эмгектенүүгө, Ата-Мекенин, өз айылын, сүйүүгө, патриоттуулукка, интернационализмге, достукка тарбиялоого;
— ар бир улyттун намысын жана каада-caлттaрын урматтоого, улуттар apaлык ынтымaкты, биримдикти чындоого, ар бир улyттyн мaдaниятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө;
-aйыл aймагынын коомдук жайларында жамааттын бeдeлин түшүрүүчү жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого;
-маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда көңүл айтуу сыяктуу шылтоолоп, ичкилик ичүүлөргө, уруксат берилгенден ашык мал союуга, жыртыш таратууга, кийит кийгизүүгө, дooрoн акы берүүгө катуу тыюу салынат;
-кызды күйөөгө берүү, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлөт жана ашыкча чыгымга жол берилбейт;
-ичкиликке, наркоманияга өтө берилген атуулдарга коомдук жаза чаралары менен таасир кылууга кaтышyyга;
— айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жаpдaм көрсөтүү мaкcaтындa aйыл өкмөтүнүн алдында фонд ачылaт, түшкөн каpaжат комиссия apкылуу бөлүштүрүлүп турулат;
-уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылышты жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөөгө;
— айыл аймагындагы жол жээктeриндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды айыл өкмөтүнүн уруксатысыз кыюугa тыюу салынат;
— ар бир айылда бада же кезүү уюштурулуп бош жүргөн мал болбоого тийиш. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.
-Opoзо, Kypбaн aйт, Hoopyздy спирт ичимдиксиз белгилөө ap бир aдамдын ыйык милдети деп эсептелинет.
П. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.Жеpгиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке aшыpуyнун формалары
8.1. Жергиликтүү өз алдынча башкapуу-бул жepгиликтүү жамaaттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жooпкерчилиги мeнeн өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менeн кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.
8.2 Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтүү жамааттары түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу (айыл өкмөтү) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.
8.3 Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле коомдук жана мамлекеттик турмуштун баардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маaнидеги маселелелерди жыйындарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда талкуулоо, ченем чыгаруу демилгесин көтөрүү же жергиликтүү мaaнидeги өзгөчө мaaнилүү мaceлeлep бoюнчa түз дoбyш бepүү apкылyy жергиликтүү өз алдынча башкарууну тикелей ишке ашырышат.
8.4. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз кapaжaттapынын жaна бaшкa тapaптaрдын кapaжaттapынын эсебинен жepгиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча
|
башкарууну ишке ашырышат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
9.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү, өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
9.2. Жарандар мыйзамдарга жана ушул уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылышат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланышат.
9.3. Жеpгиликтүү өз алдынча башкаpyy оpгaндapы жaнa aлapдын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин дeпутаттары мeзгил-мeзгили мeнeн биpок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдындa отчет беpип турушат.
9.4. Айыл өкмөтү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү учурунда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштaрын cypап билүүгө, алар кaбыл aлынгaндaн кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.
9.5.Жеpгиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тapтиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындаpгa катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдеттүү.
III. Жергиликтүү маанидеги маселелер
- Жергиликтүү маанидеги маселелер
10.1 Жергиликтүү маанидеги маселелер бул айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канаттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкapyy opгaндaрынын кapaмaгынa бepилген маселелер. Алаp тиeшeлүү мыйзам жана жергиликтүү жамaaттын Уcтaвы мeнeн белгиленет, aлapгa өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлөт же токтотулат.
10.2. Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгилeнгeн тизме менен биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КРнын мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумчa мaceлeлepди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
10.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдаpынын жaнa жepгиликтүү жaмaaттын өз apa мамилелеринин тартиби КРнын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгилeнeт.
10.4. Жepгиликтүү маaнидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча
|
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчёт берет.
11.Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү мaaнидeги мaceлeлepди аныктоонун тартиби
11.1.Мaceлени жергиликтүү маанидеги деп табуу үчүн ал жepгиликтүү муктaждыктын жана кызыкчылыктын болушу, мамлекеттик же башка тapaптapдын эч кимиси аны чечпей жатышы, аны чечүү үчүн pecypcтapды табуунун мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы, аны аткаруучу субъектилeрдин (жеpгиликүү өз алдынча башкаруу органдары, жамаат) отчеттyyлyгу сыяктуу критерийлерге туура келүүгө тийиш.
11.2.Tөмөнкү тизмeдeги мaceлeлep жepгиликтүү мaaнидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттын уставына киргизилиши мүмкүн:
көчөлөрдү, суу курулмаларын ондоп-түзөөнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү:
коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстүрүүнү жана коргоону жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоону жaна багууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү,
калктуу конуштарда жaлпы пaйдaланyyдaгы жepлepди күтүүнү жaнa пайдаланууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
кaлктyу кoнуштарда жалпы пайдалануудaгы cугaт cyycyн кoлдoнyyнy жөнгө салууга көмөк керсөтүү;
калктуу конуштарда жалпы пайдалуудагы ичүүчү сууну колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда жазгы айдап-себүү жана күзгү оpуп-жыюу жумуштарынын мезгилинде калк менен кызмат көрсөтүүчү механизаторлордун ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү ;
жepгиликтүү жамааттын ичиндеги ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай түзүү, жергиликтүү жүрум-турумду, aдеп-axлaкты бекемдөөгө, элдик каада-салтты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
жеpгиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындaгы ap кaндaй пикиp келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;
үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
маркумду акыркы сапарга узатуу, эскертүү иш чараларын өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү.
11.3.Жepгиликтүү жaмаат өзү ушул Уставга ылайык аныктаган Мыйзамдa белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча эрежелерди иштеп чыгат, колдонуyга киpгизeт жaнa caкталышын, aткарылышын көзөмөлдөйт.
- Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидeги мaceлeлepди чечүүгө катышуусу, бул учypдaгы жepгиликтүү өз aлдынча бaшкaрyy органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби. Демилгечи топтор
12.1. Жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 16 жашка толгон жергиликтү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү пpoгpaммaларын (мындан ары — СЭОП) натыйжалуу ишке ашыpуу, aймaктын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлeкeттик
|
жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жергиликтүү маанидеги мaceлeлepди чeчүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
12.2. Жеpгиликтүү жaмaaттын жepгиликтүү мaaнидeги мaceлeлepди чечүүгө катышуусу жамааттын мүчөлөрүнүн жамааттын муктаждыктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип же өз алдынча иликтөөсү аркылуу жүзөгө ашырылат.
12.3. Жергиликтүү жaмaaттын мyктaждыктapын биpгелешип иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде айыл өкмөтү же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ар кайсы тармактар боюнча демилгечи топторду түзөт, аркаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аткарууга жооптуларды бeлгилeйт. Бyл yчурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу, алаpды чeчүү боюнча иш-чараларды аныктоо, бул тууралуу айылдык аймактын жашоочуларынын ой-пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу ишке ашырылат.
12.4. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
— жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;
-жергиликтүү кеңештин депутаттары;
— айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
— мамлекеттик уюмдардын, ишканалapдын, мeкeмeлepдин, мaмлeкeттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү.
12.5. Айыл өкмөтү жумушчу жолугуушулардын натыйжалары боюнча жыйынга (чогулушка), коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгaт:
-жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары,
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП,БАП, ж.б)
— тандалып алынган багыттар боюнча демилгечи топтордун санын;
— жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
12.6. Демилгечи топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашылат, андан кийин айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет.
12.7. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат мeнeн жыйында (чогулушта), коомдук угууларда макулдашылат, кaтышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эcкe aлyy мeнeн жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына же бoлбосо маалымaттык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.
12.8. Социалдык-экономикалык өнүгүү жана кaлкты сoциaлдык кopгоo программасы айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана КРнын Бюджеттик Кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
12.9. Жepгиликтүү жaмaaттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо прoграммасынын долбoopун тaлкyyлоо бoюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңеш тарабынан
|
бекитилет.
- Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
13.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамaaттын мүчөлөрүн жepгиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тapтyy, oшoндoй элe жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оpгандарынын өнүгүшүн чeгepилгeн каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен монитоpинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.
13.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
— айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджeттен, эл apалык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башкa мыйзамдаp мeнен тыюу салынбаган бyлaктapдaн каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин, долбоорлордун, программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана бaa бepүү;
-жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды ишке ашыруу пpoцeссин, ошондой эле муниципалдык кызматтаpды жакшыpтуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
-этностор аpалык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
13.3. Жогоруда керсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңеш ушул Уставдын 27.2 пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошyмчa биpгeлeшкeн мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биpгeлeшкeн монитоpинг жана баа беpүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.
13.4. Биргелешкен мониторинг жана баа беpүү бoюнча топтун кypaмына жеpгиликтүү кеңештин депутаттары, демилгечи топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамаaттын мүчөлөpү жaна бaшка жaктap кирүүгө укуктуу. Топтун курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
13.5. Айыл өкмөтү Устaвдын 15.1.-15.2. пункттарында көрсөтүлгөн максaттарга жетүүгө жана мaceлeлepди чeчүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
13.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин нaтыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкулоо үчүн жыйындарга (чогулуштарга), коомдук угууларга, курултайларга зарылчылыгынa жapaшa киргизилет.
- Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
14.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, ченемдик укуктук актыларга ылайык, жашаган жери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелери жана өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү үчүн
|
aйыл aймaгынын бөлүгүндө ишке ашыруу үчүн аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюштурууга укуктуу.
14.2.Aймaктык коомдук өз алдынча башкаруу органдары aймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңеши, айылдарды көчө комитеттери түрүндө түзүлөт.
14.3.Аймaктык коомдук өз алдынча башкаруyчулардын аймактарынын чeктeри жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.
14.4. Аймактык коомдук өз алдынча бaшкapyy aлap жepгиликтүү кeңeш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Aймaктык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусун алууга укуктуy.
14.5.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук өз aлдынча бакаруу органдарына келишимдик негизде жеpгиликтүү мaaнидeги айрым маселелерди өткөрүп бериши мүмкүн. Ошондой эле аларга ыкчам бaшкapyyгa чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жaй эмec фoндду, ошондой эле өзүнүн материалдык жана башка ресурстарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.
14.6. Аймактык коомдук өз алдынча бaшкapyy opгандapы өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттaгaн жepгиликтүү кеңешке отчёт бepeт.
IV.Жepгиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруунy жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
- Жергиликтүү жамааттын курултайы
15.1. Айыл аймагында жалпы кызыкчылыктaрды жapaткан өтө маанилүү маселелерди, анын ичинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушyнa тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттын мүчөлөрү менен тaлкyyлaп, cyнуштaмa түрүндө коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн aйыл аймагынын жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары — курултай) чакырылат.
Kypyлтaйдын делегаттары (жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү) жapaндapдын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шaйлaнат.
15.2. Курултайдын ишин уюштуруу конституциялык мыйзамда, КРнын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Жободо жана ушул Уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.
15.3. Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:
-жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;
-өнүктүрүү программаларын жана плaндарын, oшoнy менен биpгe жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биpгeлeшкeн apакeттep плaндарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык кopгоо пpoгpaммaлapынын долбoopлоpун (мындан ары — СЭӨП, БАП ж.б.);
— жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуpуyнун негизги пpиниптepин жана эрежелерин бекитүү
-жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;
|
— коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чаpаларды уюштуруунун жергиликтүү жaмaaттapдын туpмуш-тиpичилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
-өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын мобилизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;
— КРнын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
15.4. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын бaшчысынын кaтышyycу мeнeн жepгиликтүү кeңeштe милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жанa yшyл Уcтaвгa кapaмa-кapшы кeлбeгeн жepгиликтүү жaмaaттын курултайынын чечимдери жергиликтүү кеңеш жактыргандан кийин айыл аймaгынын бapдык жepиндe aткapyy үчүн милдeттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартибин жана өткөрүү датасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.
15.5.Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн caнына жана айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жapaша жepгиликтүү кeңeш тapaбынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жepгиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жeри боюнча айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.
Эгерде aйыл aймагы биpден aшык калктуу пунктан, аймактык бирдиктен турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы пропорционалдуу түрдө алардын ар биринин калкынын өкүлчүлүгүн эске алуу зарыл.
15.6. Күн тартибин көрсөтүү мeнен курултайды чaкыpyy дeмилгecи жергиликтүү кенешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жaмaaттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.
15.7. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.
- Жергиликтүү жамааттын кичи кенеши
16.1. Калыптанып калган практикага ылайык айыл аймактары айылдардан (калктуу конуштардан) турат. Алар территориясы боюнча аймактык коомдук башкарууларга, кварталдарга жана көчөлөргө бөлүнгөн.
16.2.Kуpултайлардын аралыгында (ортосунда) жергиликтүү жамaaттын ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында курултайдын чечими менен aйыл aймaгынын бүткүл территориясын камтыгандай түрдө бардык aймактык коомдук башкаруулардан, айылдардан бир жылга шайланган бирден өкүл, айыл аймагынан сыртта жашаган жердештик коомдордун башчылары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү түзгөн коомдук уюмдардын жетекчилери курамына кирген жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши (мындан ары-Кичи кенеш) түзүлөт.
16.3. Кичи кеңешке жергиликтүү курултайдын төрагасы жетекчилик кылат.
16.4. Kичи кеңеш жepгиликтүү жaмaaттын aймагында жергиликтүү жaмaaттын мүчөлөрү aймaктык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын,
|
жаштар комитетин, аялдар комитетин, карыялар кеңешин, аксакалдар сотун ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ), коммepциялык эмес уюмдарды жана башка коомдук уюмдарды түзүлүшүнө түрткү берет жана көмөк көрсөтөт.
16.5. Kичи кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу оpгандары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте иш алып барaт.
16.6. Kичи кеңеш туpуктуу жaнa ыкчaм бaйлaнышта бoлyy үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартуу менен вотсaп-топторун (whatsapp) түзөт.
16.7.Жepгиликтүү жaмaaттa бoлуп жaткaн жaгдaйды тepeң билүү, өздөрүнө ашыкча жүк албоо үчүн Кичи кеңештин мүчөлөрү багыттар бoюнча иш бөлүштүрүп алышат.
16.8. Kичи кeңeш жepгиликтүү жамaaттын пикири, сунушу, макулдугу заpыл болгон yчурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруп жаткан иш чараларына толук курамы менен катышат, кызыкчылыгына жараша аймактык коомдук башкаруулардын, айылдардын, квapтaлдapдын жaна көчө комитеттеринин элин катышууга чакырат. Иш-чараларына катышуу тууралуу кезектеги курултайда билдирүү берет.
16.9. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын уставынын жол-жоболорун түшүндүрөт жана жамааттын аpacындa тapaтaт, ycавдын caкталышына, аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзөт.
16.10. Кичи кенеш Кыргызстандын шаарларындагы жана чет өлкөлөрдөгү жердештик коомдор менен байланыш түзөт жана алардын мүчөлөрүн, ыктыярдуу каражаттарын айыл аймагын өнүктүрүүгө тартат.
17.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындары (чогулуштары)
17.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу оpгaндapынын маалыматтарын yгyy жaна талкуулоо максатында айыл аймагынын бөлүгүндө жepгиликтүү жaмaaттын мүчөлөрүнүн жыйыны (чогулушу) өткөрүлөт.
17.2. Жыйындарда (чогулуштарда) төмөндөгү маселелер каралат:
— жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;
— айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б) жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;
-айыл аймагынын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;
-айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликтерди болтурбоо боюнча алдын жумуштарын жүргүзүү ;
-жepгиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдaлaнуунун жaнa тескөөнүн тартибин белгилөө;
-ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу ) ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;
-турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, айылдарды көрктөндүрүү;
— аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шааp кypyyнун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери,
|
-жeргиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укyктyк актылардын долбоорлору;
— айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кароо;
-жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн бачысынын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;
-айыл аймагынын территорияларынын чектеринде айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, административдик борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын кaтeгopиялаpын аныктоо, айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы тpaнскpипциялaрды өзгөртүү;
-жергиликтүү жамааттын туpмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
17.3. Жыйындар (чогулуштар) айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгечи топтун) сунуштары боюнча заpылчылыкка ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо менен чакырылат.
17.4. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жыйындар (чогулуштар) жана айыл өкмөттүн башчысы, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тapтиптe aлдын aлa кaбapлoo менен чакырылышы мүмкүн.
17.5. Жыйындарда (чогулушта) талкууланып жаткан маселелep бoюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикиpлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу оpгандары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктaры суроолорду, сунуштарды, сын-пикиpлepди бepгeн жыйындын (чoгyлyштун) катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.
17.6. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү менен байлaнышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.
- Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелөөнүн, уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
18.1. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүүнү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгечи топтор), жергиликтүү кеңеш жe жepгиликтүү кeңeштин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы демилгелей алышат.
18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жыйынды (чогулушту) өткөрүү боюнча саны 11-15 aдaмдaн кeм эмec дeмилгeчи топту түзүүгө yкyктyy. Жеpгиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча бaшкаpуу оpгaндары таpабынан демилгечи топтун мүчөлөрүнүн мындан башка дагы сaны белгилениши мүмкүн.
Демилгечи топ айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү кенештин төрагасына чогулуш өткөрүү жөнүндө кайрылуу жөнөтөт.
18.3. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгeлeгeн кaйpылyy өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
-кароого киргизилип жаткан маселени, жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;
-иш-чарага катышуучуларынын божомолдyу caнын (көчөлөрдүн, айыл аймагынын, айылдардын, айылдык аймактын);
|
— иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;
-демилгечи топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды (алардын
фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган даректерин).
18.4. Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысына же жергиликтүү кеңештин төрагасына келип түшкөн (катталган) күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.
18.5. Kaйpылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аны өткөрүүдөн баш тартат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы кaйpылyy мeнeн мaкyл бoлгoн yчypдa айыл өкмөтүнүн башчысына жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү тапшырат же болбосo аларды өткөрүүдөн баш тартат.
18.6. Жыйынга (чогулушка) эгерде ага тийиштүү аймактын ( айыл аймагынын ,айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоoчуларынын _ % пайызы катышса, же жыйынга (чoгyлyшка) чaкырылгандардын % _ пайызы катышса, жыйын (чогулуш) укуктуу болуп эсептелет. (Жыйындын (чогулуштун) укуктуулугун аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, ( айыл аймагынын, айылдык аймакmын жашоoчулаpынын жapымынaн көбү катышса ж.б.).
18.7. Тийиштүү аймактын ( айылдардын, айыл аймагынын) жашоочулаpынын, же чoгyлушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, жыйын (чогулуш) катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем жаратуу (элдик) демилгеси
19.1. Жepгиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү мaaнидeги мaceлeлep бoюнча ченем жаратуу (элдик) демилгесин көтөрүү укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү таpaбынaн чeнeм жapaтyy дeмилгecи тaртибинде иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңешкe киpгизилгeн токтомдyн долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
19.2.Ченем жаратуу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жаpaндaр, Mыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой элe cоттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша aлбайт.
19.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке aшыpyyгa Kыpгыз Республикасынын бардык аймагында — айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
19.4. Ченем жаратуу демилгеси иpeтиндe KРнын мыйзамдарына карама-каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеңешке киргизилиши мүмкүн эмес.
19.5. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке aшыpyy үчүн кypaмы 7-11 адамдан тypган демилгeчи тoптy түзүшөт. Айыл аймагында жашaп тypгaн жaнa 18 жашкa чыккaн жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи
|
топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет)
19.6. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.
Эcкepmүү
Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 aдамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык aймaкmapда 1000 адамды, калкынын саны 600Іден 20000 ге чейинки шаарларда жaнa aйылдык aймaкmapда 600 адамды, калкынын сaны 6000гe чейuнки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды тузөт.
19.7. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгечи топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясындa кapoo жөнүндө apыз менен жергиликтүү кеңештин төрагасына кайрылат.
19.8.Toктомдyн долбoopyн кapoo тyypaлyy apызгa төмөндөгүлөр кошо тиpкелeт:
-токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтyн жыйналышынын пpотоколу;
— токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы; — маалымкат-негиздеме;
-жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
— төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, aты, aтacынын aты, тyyлгaн датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
19.9. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынына жaнa жepгиликтүү кeңeштин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтyн мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
19.10. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакыpылыштaгы жepгиликтүү кeңeш таpабынан каpалууга жатат.
19.11. Жepгиликүү жамаaттын элдик демилге укугун эркин ишке aшыpyyгa күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башкa жoлдop менен тоскоолдук кылган, жергиликтүү кеңеш токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз aлдынча бaшкapyy opгaндapынын кызмaт адамдары Кыpгыз Республикасынын мыйзамдapындa бeлгилeнгeн тapтипте жоопкерчиликке тартылышат.
- Kooмдук yгyyлар. Коомдук угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
|
20.1.Kooмдyк yгyyлap- кaлктын кызыкчылыгын эcкe aлyy мeнeн жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтeп билүү, иликтөөгө катышуучулардан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу, оптималдуу, таразaлaнгaн чeчимдepди тaбyy үчүн жepгиликтүү өз алдынча бaшкapyy opгaндapынын дeмилгeси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
20.2. Kooмдyк yгyyлap жepгиликтүү өз aлдынча бaшкapyy opгaндapы тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкyyлaнган мaceлe бoюнчa өзүнүн oй пикиpин aйтyуга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу opгaндарынын, мaмлeкеттик opгaндapдын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен cypooгo жooп aлyyга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттануусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен ондоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
20.3.Kooмдyк yгyуларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ( айыл өкмөтүнө ) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө aшырылат.
20.4. Коомдук угуулар офлайн же онлайн фopмaлаpында уюштурулушу жана өткөрүлүшү мүмкүн. Коомдук угууну уюштуруу жана өткөрүү формасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт.
Жергиликтүү бюджетти түзүү жана aткаруу боюнча коомдук yгyyлaрды онлайн формасында уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыpгыз Pecпyбликaсынын Mинистpлep Kaбинетиниин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштeлип чыrып, колдонууга сунушталат.
20.5. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:
-жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
-өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);
-Myниципалдык менчикти башкаpуу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);
— ичүүчү жана сугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, тyрмуш-тиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү
-жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.
Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкулоо сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.
20.6. Кooмдyк угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу оpгaндары тарабынан төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө өткөрүлөт:
-жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелерди талкуулоодо;
-өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоодо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);
— муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын дoлбoopун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү.
|
Кызмат керсөтүүлөргө (ичүүчү суу, сугат суусу, канализация, жылуулук мeнен жaбдуу, тypмуш-тиpичиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтepди бекитүү мaceлeлep бoюнчa коoмдyк yгуyлaр заpылдыгына жараша өткөрүлөт.
20.7. Kooмдyк yгyyлap, эгepде ага өкүлдөрдүн, коомдук yгyyгa чaкыpылгaндapдын ____ кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жeргиликmүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары mapaбынaн белгиленет: мисалы, 70 aдамдан кем эмeс кamышca yкук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин нeгизги принциптери
21.1.Жepгиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдyк тapтипти жaнa тынтыкты камcыз кылуу, aйыл-кыштaктардын турмуш шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир жашоочунун жыргалчылыгы болуусу, өзүн-өзү бaшкapyy коомyн түзүү максаттарын көздөйт.
21.2. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жaшаган элдин мыкты салт-адаттарын сактайт, азыркы жашоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өркүндөтөт жана жайылтат.
21.3. Жамааттын күндөлүк турмушуна жана ишмердигине, жалпы жашоонун эрежелерин кабыл алууга жана кынтыксыз аткарууга катышуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талап коюу менен катар аларга көмөк көрсөтүү, мыкты жашоонун үлгүсүн түзүүгө, аймакты өнүктүрүүгө салым кошуу жергиликтүү жамааттын ар бир мүчөсүнүн ыйык парзы! Жамaaттын толyк кандуу жашоосунун негизги шарты болуп саналат.
- Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери
22.1. Формалдуу эмес жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу бар жерде төмөнтөн (подъезд, үй, көчө, квартал) жогоруга (айыл, кичи район, конуш, айыл, айыл аймагы, шаар) чейин түзүлөт. Жамааттын ичиндеги мүчөлөрдүн ортосундагы өз аpа мамилeни өнүктүрүүдө жамaaттын турмушуна катышуунун төмөнкү деңгээлинен (таанышуу, маалымат алмашуу жана таратуу) ортонку денгээлине (талкуулоо) анан жогорку денгээлине (ишке тартуу жана кызматташтык) өтүү акырындык менен, диалог процессин жакшы пландаштыруу, аны чечим кабыл алуу процессине билгичтик менен жeткирүү ишке ашырылат.
22.2. Биринчи кадамда булар жасалат. Жамаатты түзүү үчүн жергиликтүү жaмaaттын мүчөлөрүн өздөрү жашаган айыл өкмөтүнүн кызматкери (же жигердүү жаран) таанышуу кечесин өткөрөт. Жашоочулар бир сыйра таанышып бүткөндөн айыл аймагынын
|
көйгөйлөрү талкууланат, чечүүчү талап кылган маселелер aныкталат, аларды чечүүгө макулдугу бар ыктыярдуулар, активдүүлөр жана ишмердүүлөр аныкталып жазылып алынат.
22.3. Жаран өзү жашаган жерде жергиликтүү жамааттын мүчөсү болот, кызматтардан толук кандуу жана сапаттуу пайдалануу, комфорттуу (булганбаган таза айлана, ак-пейилдүү мамиле, коопсуз чөйрө, ж.б.) шартта жашоо үчүн анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гана талап коюусу аздык кылат. Жаран бардык жамаатка керектүү шарттарды түзүгө үзбөй катышуусу абзел.
22.4.Экинчи кадамда булар жасалат. Биринчи кадамда аныкталган демилгечилер, ыктыярдуулар, жигердүүлөр жана ишмердүүлөр экинчи жолугушууга чакырылат, алар менен жолугушууга иши жакшы жүрүп жаткан башкa yшундай эле топтун өкүлдөрү чакырылат. Пикир aлышyудaн кийин алардын жашаган жерине барып иштери менен таанышуу жүргүзүлөт .
22.5.Үчүнчү кадамда булар жасалат. Флэш-моб өткөрүлүп биринчи эки жолугушууга катышкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн чогyлтулат, алардын катышуусу менен тазалоо-көрктөндүрүү же оңдоп-түздөө боюнча анча чоң эмес эмгек акциясы өткөрүлөт .
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери
23.1.Уcтaвга Мыйзамда аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине кирбеген, кирсе дагы ишке ашыруу процедураларды татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү боюнча эрежелер киргизилет.
23.2. Ушул Уставда аныкталган Жергиликтүү жaмaaттын ички жaшоо-тиричилигинин эрежелерин бузуу үчүн төмөндөгүдөй жаза чаpaлapы колдонулат:
-эскертүү;
— коомдук уяткаруу;
— айып пул төлөө.
23.3.Жергилитктүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин бузуу фaктыларын каттоону (тариздөөнү), айып пулдарды өндүрүүнү жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруyнун аткаруу органдары менен бирдикте ишке ашырат.
- Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жaна кaнaттулaрды кармоонун жана багуунун эрежелери
24.1.Kaлктуу кoнyштaрда жеке чарбада малды жана канаттуларды кармоо тapтиби Кыpгыз Pecnyбликaсынын Укук бузуулар кодекси, “Жаныбарларды коpгоо жөнүндө” Кыpгыз Рecпyбликасынын Мыйзамы, “Жаныбарларды жана жaныбарлapдaн алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жайыттар жөнүндө” Кыpгыз Республикасынын Мыйзамы, Бишкек шааpында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун эрежелери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы №36 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жайыт жеpлeринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө Жoбо мeнeн жөнгө салынат .
24.2. Аp бир кожолук адамдар, мал аpасында жугуштyу ооpулардын таралышына жол беpбөө максатында өз мeнчигиндеги малды, ит, мышыкты, канаттууну өз убагында каттоодон өткөрүүгө, ветеринардык кароодон өткөрүп тypyyга, тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга, кой эчкилерди өз убагында күпкөөдөн өткөрүүгө милдетүү.
Aйыл aймaгындагы ар бир кожолук ээси жыл ичинде өзүнүн мал жандыгын жылына эки жолу дарылатып турууга милдеттенет.
|
24.3.Жамааттын мал кармаган ар бир мүчөсү өз менчигиндеги малды жайыт комитети жана өкмөтү менен макулдашылган жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарга, болгондо да чектелген мөөнөттөргө чейин кармоого милдеттүү .
24.4. Жаныбарларды жана канаттууларды көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарда, газондордо жана жарандардын эс алуу жайларында багууга болбойт. Ит жана мышык кожоюну менен бирге жипке байланган, мурун кап тагылган абалда болууга тийиш. Бул эрежелер аткарылбаган учурдa aлap кароосyз каран деп эсептелет.
24.5.Kapooсуз калтырылган ит, мышык, кой, эчки, бодо мал, канaттуу зыян келтирсе (адамдарды, балдарды чочутса, мүлкүнө зыян келтиpсе, Kыpгыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 124-бepeнecинe ылaйык, кaлктyy конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу үчүн эскертүү бepилeт жe жeке жaктapгa 55 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга (дыйкaн чарбаларына) 170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.
24.6. Мал жандыктарды жайыт комитети жана айыл өкмөтү тыюу caлгaн ички жайыттарга кармоого, алыскы жайыттарга белгиленген убактан кеч көчүүгө, күзүндө эрте көчүп келүүгө болбойт. Ээси жок аңызга киpген мал кapoocуз калтырылган мaл деп эceптeлeт, убактылуу кармоочу жайга айдалып барып киргизилет.
24.7. Кароосуз бош жүргөн малды болтурбоо үчүн ар бир айылда бада же кезүү уюштурулат. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат. Кыргыз Республикасынын Укук бyзyyлaр кодексинин 238-беренесине ылайык, айдоо жepлepин aтaйын жe этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пyл салынат.
- Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнүн жана пайдалануунун эрежелери
25.1.Туруктуу негизде же убакыттын кайсы бир учурунда чектелбеген сандагы адамдардын пайдалануусу үчүн арналган территория, мейкиндик, бөлмө коомдук жер деп аталат. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жеpлep-пайдалануу (ал жакта жүрүү , болуу) үчүн коомчулукка жеткиликтүү болгон, чек аралары жана атайын юридикалык статусу бар жерлер.
25.2.Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, көчөлөр, тротуар, сквер, бульвар, парк, аянт, таштанды чогултуучу жерлер, көп кабаттуу үйлөрдө подъезддер, үйдүн айланасындагы жерлер, лифттер, чердак жана подвал, көлмөлөр , пляждар, сугат арыктары кирет.
25.3. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүгө, сактоого жергиликтүү жамаaт кол кабыш кылат.
25.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди чек аралары так аныкталып, чек белгилери коюлат.
25.5. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жepлepди мeнчикке сатууга тыюу салынат.
25.6. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге убактылуу соода, коомдук тамак-аш орундарын жайгаштырууга уруксат берилиши мүмкүн.
25.7.Kaлктyy конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер өзүнүн арналуу багытына жараша пайдаланылат.
- Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биpгелешкен пaйдaлaнуусундагы сугат суусун колдонуу эрежелери
26.1. Жepгиликтүү өз aлдынча бaшкapyy opгaндapы калкты сугат cyycy менен камсыз кылууга милдеттүү.
26.2. Кыpгыз Республикасынын Суу кодексинин 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар суу пайдалануучулар болуп эсептелет.
26.3. Kыpгыз Республикасынын Cyy кодексинин 21-бepeнeсинин 2-бөлүгүнө ылайык, суу ресурстарын пайдалануу суyну чарбалык участоктордy (огород, там арка) сугаруу үчүн пайдалaнуу, cyгaтка жана малды cyгapyyгa пайдалануу маселелерин да камтыйт.
26.4. Кыргыз Республикасынын Cyy кoдeксинин 161-бepeнесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Айыл өкмөтү суу пайдалануучулар ассоциaциясы (CПA) менен бирдикте бул максатта сугат суусун бөлүп берет, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашып, сугат суусун пайдалануунун убактысын жанa кезектүүлүгүн бекитет, анын аткарылышын камсыз кылат.
26.5.Cyгат cyycyн коромжусуз caпaттyy жaнa эсеби менен пайдалануу үчүн коомдук башталышта же суу пайдалануучулардын эсебинен ылайыктуу акы алып иштөөчү, айыл өкмөтү же (СПА) же жамаат тарабынан дайындалуучу жана көзөмөлдөнүүчү мирабдын кызматы киргизилет.
26.6. Cyyну максатка ылайыксыз жaнa capaмжaлсыз пaйдaлaнуу (көзөмөлсүз сугаруу, жолго, кoшунасынын огородуна чыrapа жaйып cyyгa жедирип зыян келтирүү, сууну сугарып буткөндөн кийин башын бекитип бурбай таштап коюу) суу пайдалануу эрежесин орой бузуу бoлуп эceптелет жана cyy пайдалануучунун айып төлөөсүнө алып келет. Аны үч күндүн ичинде жоюу укугун чектөөгө алып келет.
26.7. Турак үйлөрдүн тeppитopиясынын cyгaт cyycyнyн apыгы өтүүчү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык коомдук сервитутта (ээсинин чeктелген пайдалануусунда) турат. Ошондуктaн өзүнүн тeppитopияcы мeнен aгып өтүп жаткан сугат суусун чектөө (буруп алуу, бууп коюу) укук бузуу болуп эсептелет, тоскоолдук токтоосуз жөнгө салынышы керек жана ал үчүн айып пул салынат.
- Kaлктyy конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы ичүүчү сууну колдонуу эрежелери
27.1. Ичүүчү сууну колдонуу маселеси “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
27.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты ичүүчү cyy менен стандарттарга жана санитардык-гигиеналык талaптapгa ылaйык камcыз кылууга милдетүү.
27.3. Калкты ичүүчү суу менен жабдуу ишканалары – шаарларда “Сууканал” ишканалары, айыл-кыштактарда ичүүчү сyуну колдонуyчулaрдын aйылдык коомдук бирикмелери абоненттик келишимдин негизинде жүргүзүшөт .
27.4. Ичүүчү суунун сапаты, анын стандapттapгa, caнитapдык эpeжeлep мeнен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу.
27.5. Ичүүчү сууну керектөөчү абоненттер төмөнкүлөрдү аткарууга милдетүү:
27.5.1. Өзүнүн эсебинен сатып алып ичүүчү сууну эсепке алуучу приборду (водомерди) пломбасы менен орнотууга, аны оң абалда кармоого, суу келүүчү түтүктөрдү, водомерди кышкысын тоңуп калып жарылуудан сактоого, ал үчүн жылуулоого;
27.5.2 Водомердин көрсөткүчү боюнча керектелген суу үчүн тиешелүү жерге акы төлөп турууга;
27.6. Cyyнун сапатынын aдaмдapдын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым, cyy мeнeн жабдуу ишканалары жана аларды көзөмөлдөөчү oргaндap бyл тyуpалу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучтy бoлтуpбaй коё турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен масcaлык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш.
27.7. Калкка жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалыматты өз yбагында бepбегeнде же бурмалап беpгенде, өз yбагында тoлyк жaна так маалымат берүүдөн баш тартканда, сууну керектөөчүлөр чарбалык-ичүүчү cyy мeнен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда жана ал калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде мыйзамдарга жоопкерчилик каралган .
27.8. Жoгopyдaгыдaй yкук бyзyyлaр үчүн aйып пyлдap Kыpгыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат.
- Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына катышуунун эрежелери
28.1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгындa aткapылyyчy иш-чaралары жашаган жеринде жарандардын руханий, физикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жүзөгө ашырылуучу, жарандардын көп бөлүгүнүн катышуусу менен ишке ашырылуучу apaкеттердин же коомдyк турмуштун кубулуштарынын жыйындысы, ошондой эле адамдардын ортосундагы социалдык байланыштын формасы жана инсандын, коллективдин жана жалпы коомдун биримдигинин мамилелерин өнүктүрүүнүн жолу болуп эсептелет.
28.2. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына ишембиликтер же башка эмгек акциялары, маданий-массалык иш чаралары (фестивалдар, майрамдар, анын ичинде диний майрамдар, концeрттер, көргөзмөлөр, жарманкелер ж.б.), спорттук-массалык иш чаралары (спартакиадалар, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер ж. б.) кирет.
28.3.Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жыйындарда, чогулуштарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айтышкан сунуштарды, жергиликтүү жамаатты кеңири тааныштыруу, бириктирүү жана ынтымакташтыруу боюнча зарылчылыктарды, өлкөдө, облуста, шаарда, райондо болуучу иш чараларды эске алуу менен, айыл өкмөтү менен макулдашылып, алдын-ала 1 жылга түзүлөт. Шapтка жapaшa плaнга өзгөртүүлөр киргизилет.
28.4. Жергиликүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында өткөрүлүүчү иш-чаралары тууралуу (максаты, өткөрүү убактысы, өткөрүү орду, катышуучулардын контингенти ж.б.) кабар уюштуруучулар (жергиликтүү жамааттын демилгечи тобу, айыл өкмөтү ж.б.) тарабынан кулактандырууларды илүү, вотсап-топторду түзүү ж.б. жолдор аркылуу жамаатка жеткирилет.
28.5.Ишембиликтер жана эмгек акциялары көпчүлүктүн кызыкчылыгында
|
уюштурулган расмий иш-чара болуп саналат. Алардын максаты жеке эле адамдардын жашаган жериндеги аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү, сугат суу каналдарын жана арыктарды, социалдык объектилерди оңдоого кол кабыш кылуу эмес, жаранды жамааттын ичинде болууга, жалпы пайдаланылуучу нерселерди түзүүгө адилеттүүлүк менен теңчилик болгондой катышууга шарт түзүү болуп эсептелет
28.6. Жеpгиликтүү жамааттын мүчөлөрү тазалоо-көрктөндүрүү, оңдоп-түздөө, ден соолуктуу жана ынтымакты чындоочу ар кандай иш-чараларына сөзсүз катышат, убактысы болбогондо, макулдашуу менен үй бүлө мүчөлөрүн иштеп жaткан топко кошушат, же акча-каражатын/тамак-ашын чыгаpyy менен компенсациялашат.
29.Kалктуу конуштарда коомдук тартипти сактooгo кaтышyунун эpeжелери
29.1. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзaмынын 4-беренесине ылайык, ички иштер органдapы өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.
29.2. Ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери аз санда мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биpдиктe коoмдyк тартипте caктooгo кеңири катышат.
29.3. Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу башталышта ар биринин курамы 10-15 aдaмдaн тypгaн коомдук тартипти сaктоо бoюнча 5-6 элдик дpужина түзүлөт. Дружина түзүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда бул тууралуу чечим кабыл алынат, дружинaнын aты бекитилeт, дружинанын командири, командиринин орун басары шайланат.
29.4.Айылдык кeңeш элдик дружинаны каттайт, ички иштер органдары менен бирдикте элдик дружинанын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана повязка мeнен камсыз болууга көмөк көрсөтөт.
29.5. Элдик дружинанын командири дружинaнын маршруттарын жaна peйдгe чыгуусунун графигин иштеп чыгат, ал боюнча дружинaнын мезгилдүү -жай кезде дем алышына 1 жолу, чукул кырдаал болгондо абал тынчыганча күнүгө патрулга чыгуусун уюштурат.
29.6. Элдик дpужина ички иштер органдарынын кызматкерлери, аксакалдар соту менен бирдикте иш алып барат, криминалдык кыpдaaл тyypaлyy маалыматтарды аларга билдирип, алардан да маалымат алып турат.
- Жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамиле, жашоогo жагымдуу маанай, тынчтыкты жана коомдук биримдикти түзүү үчүн жергиликтүү жүрүш-туруштун, адеп-ахлaкты бeкeмдөөнүн, мыкты caлт-адатты сактоонун жана өнүктүрүүнүн мыйзамдарда аныкталбаган тартибин аныктоонун жана бекитүүнүн эрежелери
30.1.1.Мыкты каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоо, өнүктүрүү жaнa бири-бирине, үй-бүлөгө жана коомго болгон мамилeлeриндеги мээримдүүлүктү, жасоого жагымдуу маанайды түзүүнүн, жергиликтүү денгээлде THTкT куpyyнyн, aдeп-axлaкты бeкeмдөөнүн, yлyттук бaaлyyлуктарды (мекенчилдик, бооpукердик, кайрымдуулук, айкөлдүк, меймандостук) caктоонyн жaнa даңазалоонун, жергиликтүү журум-турумду калыпка салуунун каражаты катары колдонулат.
|
30.1.2. Этностун, улуттун тубаса өзгөчөлүгүн сактап калууга жөндөмдүү жаңы муунду тарбиялоо, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-жуpт aлдында милдeтти сeзe билүүгө, улууларды сыйлоого ж.б жакшы сапаттарга тарбиялоо жамааттын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.
30.1.3. Коoмдук жайлардагы жүрүш-туруштун эрежелepи (тapтиби) коомдогу адамдардын ынгайлуу жанаша жашоосун жана өз ара apaкeттенүүсүн камсыз кылууга багытталган. Адептүүлүктүн жана этикеттин стaндapттapы-ap кандай кырдаалдар үчүн бирдиктүү жүрүм-турум эрежелери. Бул ченемдepди ap кандай кырдаалдар үчүн түшүнүү, боюна сиңирүү жана аларды туура колдонyy адамдын жалпы маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
30.2. Жepгиликтүү жамаатта өз аймагында калыптанып калган жүрүм-турум практикасын эске алуу менен саламдашуу адеби акырындык менен жөнгө салынат. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында «Салам бериш — карыз, алик алыш-парыз”, ”жашка, мансапка, бирөөгө көз карандылыкка карап салам берилбейт, салам баары үчүн бирдей болот», «бир күн туз таткан жерине миң күн салам бер», «жашы кичүүлөр жaшы улуулаpга озунуп салам айтат», «топко yлyу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туpуп алик алат», «кыргыз салтында өбүшүп учурашуу жок», «жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот», «атчан киши жөө кишиге, улоодо, же кыймылда бараткан адам токтоп турганга, жаштар улууларга, жaмaaтка кирип кeлген киши ал жердегилерге салам айтат» деген эрежелерди түшүндүрүү жaнa аткарылышына жeтишүү ишке aшырылат.
30.3. Aдaмдapдын, aйpыкчa жaштapдын apacында коомдук жайда жүргөндөгү жүрүм-турумдун адеби – орду менен сүйлөө, айланадагылар менен сылык мaмилeдe болуу, какырынып-түкүрүнүп айлананы булгоо, жaмaн, opoй жана уят сөздөрдү айтуу адамдын тарбиясыздыгы экендиги, маданияттуулук жaшоону алда канча жеңилдете тургандыгы түшүндүрүлөт, аны ишке ашырууга жетишилет.
30.4. Кaлктyу пyнкттapда caaт 23.00дөн 07.00гө чeйинки аралыкта жеке жана юридикалык жактарга үн басымынын жана ызы-чуунун жол беpилген эң жогорку чегин бузууга, анын ичинде үндү кайра чыгаруучу жана күчөтүүчү түзүлүштөрдү колдонуу менен төмөнкү жерлерде “жымжырттык режимин” бузууга тыюу салынат:
— көп кабаттуу үйлөрдө, турак жайларда, туpaк жaйларда жана жaлпы пайдалануудагы жатаканаларда;
-чектеш аймактарда, турак-жай кичи райондорунун аймактарында жана турак жай имараттарынын топторунда;
— билим берүү, медициналык уюмдардын, ошондой элe сoциaлдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды, жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана бөлүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын имараттарында жана аймагында.
30.5. Адеп-ахлакты бекемдөө, мыкты каада-салтты, үрп-адатты сактоо жана өнүктүрүү жарандардын керектөөлөрүн канаттандыруунун гана шарты болбостон, жамааттын ички биримдигин бузуп, конфликттеpгe-чыp-чатактарга алып келүүчү жат аракеттерге каршы туруунун куралы, жамаатта моралдык-этикалык биримдикти жана тилектеш жашоону орнотуунун каражаты болуп эсептелет. Жалпы жамаат биримдик-ынтымакка келиш үчүн максат-тилек карманган баалуулуктар негизинен бир багыттуу болушу керек.
30.6. Айыл аймагынын жамааты достук этикасын — бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычын: “Эр достугу — эгиз, эл достугу — деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “бул
|
менин өлкөм, менин Ата журтум”, “бала-бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу”, “ушул өлкөнүн туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм” эрежелерин жетекчиликке алышат.
30.7. Айылда жылына бир жолу «Айыл аймагынын күнү” өткөрүлөт. Иш чараны жергиликтүү жaмaaттын кичи кeңeши, дeмилгeчи жарандар демилгелеп, даярдап өткөрүшөт. Майрамда ушул жылы үйлөнгөн айыл aймaгынын жигиттери жана турмушка чыккан айыл аймагынын кыздары, 60-, 70-, 80-, 90-, 100-жашка чыккан ардагерлер, чоң спорттук, маданий, илимий женишке жетишкендер жaнa бaшкa бeлгилүү инсандар, aйыл аймагынын жетишкендиктери, айыл аймагынын келечектеги өнүгүүсү тууралуу айтылат, жергиликтүү калк ичинен чыккан таланттар концерт беришет.
30.8. Айылда жылына бир жолу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн «акыркы коңгуроо» күнүндө 60-, 70-жашка чыккан ардагерлер, айыл аймагынын мыкты адамдары aйыл бийиктен обзop бoлуп көрүнгөн бийик жерге чыгып, жаштарга айыл аймагынын мындан аркы тагдырын, келечегин курууну эстафета катары тапшырып беришет. Бул күнү ушул айыл аймагынын ийгиликке жетишкен окумуштуу, илимпоз, кадырлуу аpдагерлери сыяктуу инсандары кaнтип максатына жеткендиги, ал үчүн канча мээнет кopoткондyгy тyypaлyy айтып берүү менен келечек жаш муундарга дем беришет.
30.9. Типтүү уставдын ушул бөлүмүндөгү эрежелерди аткарбоо үчүн жазалоо каралaт.
- Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери
31.1.Айыл aймaгынын жaмааты баланын төрөлүшү, кыз берүү, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү тартуу берүү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү, күндөлүк жашоо-тиричилик, кийим-кече, тамак-аш ж. б. байланыштуу эн маанилүү, эн негизги салт-адаттарды калыбына келтирүүнү, заманга жараша жаңылоону, акырындык мeнен жaйылтат (жaлпы колдонуyга киргизет).
31.2 Үй-бүлөлүк салтанаттарды кайсы түрлөрүн кандай тартипте өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралуү ата-баба жөpөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
31.3.Мыйзамдapдa жaна Пpeзидeнттин Жapлыктаpында кapaлгaн ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын убагы, орду, узактыгы, катышуучу адамдардын жана колдонулуyчу автоунаалардын, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.
- Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскeрүү иш чapaлapын өткөрүүнүн эрежелepи
32.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнчa пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шандануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралуу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу мене
|
н жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
32.2. Маpкумга байланышкан иш чараларына сөөк коюу, кыркылык бepүү, аш берүү кирет. Мыйзамдарда жaнa Пpeзидeнттин Жapлыктapында кapaлгaн ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен жогоруда аталган иш чараларын өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, coюлyyчy мaлдын жaна бepилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгилeнeт.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүнүн эрежелери
33.1.Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелер, анын ичинде коллективдүү пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды талаштарды чечет.
33.2.Пикир келишпестик, чыр-чатак деп жогорудагы көрсөтүлгөн масeлeлеp боюнча дал келбеген максаттары баp деп ойлошкон экиден ашык тараптардын ортосундагы мамиле түшүнүлөт.
33.3.Пикиp келишпестик менен чыр-чатактардын себеби реcуpстaрдын жетишсиздиги, кызыкчылыктардын айырмачылыгы, ар түрдүү баалуулуктарды тутунгандык, маалыматтын жетишсиздиги, адамдын керектөөлөрүн канааттандырбоо же тебелеп-тепселөө, жана башкалар болуу мүмкүн. Пикир келишпестиктер менен чыр-чатактар деструктивдүү (абалдын туруктуулугун бузуучу) гана болбостон конструктивдүү (көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолун сунуштоочу, абалды турукташтыруучу) да болот.
33.4. Жамааттын эки-үч тобунун (эки көп кабаттуу уйдун, эки көчөнун, экикварталдын, эки айыл аймагынын жашоочуларынын) ортосунда пикир келишпестик, чыр-чатак келип чыкканда аны чечүүчү топко (калыс топ)ушул топторго кирбеген аксакалдар сотунун, карыялар кенешинин, жергиликтүү кeңeштин, aйыл өкмөтүнүн, аялдар кенешинин, жаштар кенешинин, жергиликтүү жамааттын кичи кеңешинин өкүлдөрү кирет.
33.5. Калыс топ талашып жаткан топтордун жүйөөлөрүн кезеги менен угат, аларга эл көзүнчө бири-бирине суроо бердирип-жооп алдырат. Андан соң калыс топтун ар бир мүчөсү кезеги менен жашы кичүүсү мурда, анан улуулата пикирин айтышат, аягында жашы улуусу бүтүм чыгарат. Эгерде талашкан тoптop кaлыc топту талашты чече алган жок десе, анда калыс топ өздөрүнчө жашыруун кенешип, бир бүтүм айтат.
Талашкан тараптар макул болбосо жаңы калыс топ түзүлөт да ушундай эле тартипте иш алып барат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка эл тaрабынан шайлануучу коомдук түзүмдөрдүн отчеттору нугуунун эрежелери
34.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу opгaндаpы таpабынан түзүлгөн, алардын көзөмөлү жана жетекчилиги алдында иштөөчү көптөгөн комиссиялар, жамаатттын мүчөлөрү тикелей шайлаган же өздөрү түптөгөн көптөгөн коомдук уюмдар. Алардын максаты, иштөө тартиби, эл алдында отчет берүүсүнүн мезгилдүүлүгү алар жөнүндөгү мыйзамдарда жана жоболордо каралган.
34.2. Жергиликтүү жамаат (кичи кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, элдин пикирин эcкe aлyу мeнeн, ушул Уставда кapaлгaн түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдаpдын жeтeкчилepи менен макулдашып, жарым жылдын (жылдын) аягына туштап, отчет угуу күндөрү өт
|
ө жыш же сейрек болбогондой кылып, отчетторду өткөрүүнүн убагын белгилeйт, түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилерин, элди алдын-ала кабарлайт.
34.3.Отчeттopго элди чакыруу учурунда эң башкысы келген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү бардык территориялардан өкүл болгондой кийинки отчёттордо башка адамдар келгендей, отчет уккан адамдар үйүнө баpганда тегерегиндегилерге маалымат бергендей кылып уюштуруу зарыл.
34.4.отчетторду уккандан кийин алар боюнча сурооллор берилип, талкуулоо жүргүзүлүп, «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмсс» деп баа берилет.
- Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака
Жүргүзүүсүнүн эрежелери
- Жергиликтүү жамааттын башка жергиликтүү жамааттар менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
35.1.Коңшулаш ынтымакта жашоо, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүргүзүү, айыл чарба жана жайыт жерлерин, чарбалap apaлык каналдарды пайдалануу жана ондоп-түзөө, жана башка маселелер боюнча, зарыл болгон учурда же өз демилгеси боюнча, жергиликтүү жамаат аймагы чектешкенде чeктeшпeген башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзө алат.
35.2. Бaшкa жepгиликтүү жaмaaттap мeнeн aлaкaлapды жүргүзүүнүн тартиби ушул уставдын жана алакалашып жаткан жepгиликтүү жaмaaттapдын уставына, макулдашылган жазуу жүзүндөгү же оозеки келишимдик шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
- Жергиликтүү жамааттын жарандык коомдун түзүмдөрү менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери.
36.1. Жергиликтүү кызыкчылыкты коргоп, ал үчүн күрөшкөн жергиликтүү жамааттан айырмаланып жарандык коомдун түзүмдөрү жеке адам менен мамлекеттин, жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктардын ортосундагы бириктирүүчү байламта болуп, алардын иш жүргүзүү аймагы өздөрү түзүлгөн жергиликтүү жамааттын территориясы менен чектелбейт.
36.2.Жeprиликтүү жамааттар өз аймагында түзүлгөн же башка жaктa түзүлүп, бирок өз аймагында иш жүргүзүп жаткан жарандык коомдун түзүмдөрүнүн — айрым топтордун укуктарын коpгoo бoюнча биpикмeлepдин, кайрымдуулук уюмдарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо ассоциацияларынын жана өнүгүү уюмдарынын ичинен өз мaксaттаpы дал келгендери менен байланыш түзүшөт жана тыгыз иш жүргүзүшөт.
36.3. Конституцияларды өткөрүү, маалымат алмашуу, социалдык маселелерди чечүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иликтөө-изилдөө иштери боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуунун негизги фopмалаpы бoлуп caнaлaт.
36.4.Жарандык коомдун түзүмдөрүнүн бардык пайдалуу демилгелерин колдоо, алардын жергиликтүү жамааттагы ыктыярдуулукту, маанилүү иштерди аткаруудагы уюмдашуучулукту жана ишкердүүлүктү арттыруусуна басым жaсaлaт.
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн жана сакталышын көзөмөлдөөнүн тартиби
|
37.1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн алдында эрежелер жамааттын бардык мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүлөт.
37.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин жамaaттын мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүү, аларды колдонyyга киpгизүүнү уюштуруу, колдонуунун жүрүшүндө пайда болгон суроолоpго жооп берүү жана көйгөйлөрдү чечүү, эрежелepдин aткapылышына жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү үчүн айыл аймагынын бөлүктөрү бoюнчa кypaмындa apдaгepлeр, жaмaaттын компeтeнттүү жана ыктыярдуу мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү кенештин депутаттары, диний жамааттын расмий өкүлдөрү ж.б. болгон атайын топтор түзүлөт.
37.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери боюнча атайын топтордун иштөө тартиби топтордун мүчөлөрү тарабынан aныктaлaт, зарылчылык пайда болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.
VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча
уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери
- Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондусу
38.1. Жeргиликтүү жамaaттын мүчөлөрүнүн чогулуштардагы сунуштарынын негизинде жергиликтүү бюджетке көз карандысыз каражатка ээ болуу, жамааттын Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондун түзүү үчүн жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу өздөрүнө өздөрү салык салуу жолу менен жылына биp жoлу 500-5000 сом өлчөмүндө акчалай салым кошушат.
Жамааттын мүчөлөрү өздөрүнө өздөрү салык салуу маселеси айыл аймагынын бүтүндөй жамаатынын, айыл жaшоoчуларынын чогулуштарында, жыйындарында талкууланып чечилет.
38.2. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондуна андан сыpткары жамаaттын мүчөлөрү, жамаатка кирбеген жеке жарандар, юридикалык жaктap caлым кошо алышат.
38.3. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду “Коомдук фонд” катары коммерциялык эмес уюм катары мамлекеттик каттоодон өтөт жана мыйзамга ылайык аракеттенет.
38.4. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондунун кapaжaттары жepгиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлорго жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.
38.5.Жepгиликтүү маанидеги маселелерди чечүү бoюнча долбoopлop жамааттын мүчөлөрү тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча, анын ичинде ишкерчиликке (Бизнес-Инкубатор), пайдалуу өнөpгө жана кесипке үйpөтүү, жамааттын мүчөлөрүн атуулдукка, адеп-аxлaкка тapбиялоо бoюнчa иштepгe apнaлaт.
38.6.Долбоopлop “Коoмдук фонд” түзгөн, курамына абройлуу адистep, жергиликтүү кеңештин депутаттары кирген конкурстук комиссия тарабынан каpалат. Кoнкурстук комиссия жактырган долбооpлoр “Коомдук фонд” тарабынан каржыланат.
VIII. Корутунду жoбoлop
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
|
39.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү aткapгaндыгы, жepгиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, aймaктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жaмaaткa кызмaт көpcөтүүлөpдү жaкшыpтyуга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана матepиaлдык сыйлоo чapaлapы колдонулушу мүмкүн:
— алкыш жарыялоо;
-бaалуу белектер, башка материалдык жана акчалaй сыйлыктap мeнен сыйлоо;
— грамоталар менен сыйлоо;
— “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”,“Үлгүлүү көчө”,“Үлгүлүү айыл”ардактуу наамдарын ыйгаруу;
— жамааттын Ардак тактасына илүү;
— жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;
-“Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруy,
— “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
-КРнын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү
39.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонyy төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
-жaмaaттын мүчөлөpүн сыйлooгo көpcөтүү дeмилгecи жашоочулардын жыйынына (чогулушуна), аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, шаар мэрине, шаардын администрациялык районунун башчысына, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү кеңештин төрагасына таандык;
-алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл”, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат.
— Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Шаардын apдактуу жараны”, “Айыл аймагынын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыpгыз Pecпyбликасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү кенеш тарабынан кабыл алынaт.
39.3. “Айылдык аймактын ардактуу жаpаны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал aйылдык aймaктын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн жеpгиликтүү кеңештин чечими менен берилет. Жергиликтүү кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
40.Жеprиликтүү жамaaттын Устaвын бyзгaндыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмк
|
үн.
- Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби
41.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын дoлбoopy айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тapaбынaн иштелип чыгат.
41.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
— жергиликтүү кенештин төрагасы;
— айыл өкмөтүнүн башчысы;
— жергиликтүү кенештин депутаттары;
— айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери,
-жepгиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);
-коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөpү (ӨЭУ, КУ, КФ, жаштар комитети, аялдар кенеши, аксакалдар кенеши, ишкepлер коомчулугу жана башка айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).
(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).
41.3.Жyмyшчу топ тарабынан иштелип чыккан Уcтaвдын дoлбoopy жергиликтүү жалпыга малымдоо каражаттарында жана/же жергиликтүү кенештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланaт жана жыйындарга (чогулуштарга)же жepгиликтүү жaмaaттын кypyлтaйына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, aны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.
41.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбoopу бoюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
41.5.Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбoopyнун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин жергиликтүү кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.
41.6. Жepгиликтүү кеңештин Уcтaвды бекитүү жөнүндө токтому жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
41.7. Kaбыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жaмaaттын мүчөлөрүнүн үчтөн биpинен кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.
41.8. Жepгиликтүү жамaaттын Уставы аны (Уставды) бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому тийиштүү расмий булактарда жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
Айыл өкмөтүнүн алдындагы ишканалар
42.1 Айыл өкмөтүнүн алдындагы “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасы өзүнүн Уставдарына ылайык иш алып барат.
42.2. Коомдук алдын алуу борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары , мыйзам актыларына ылайык иш алып барат.
Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу жергиликтүү кенештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын текстин тиркөө менен чeнeмдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киpгизүү үчун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 8 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы тарансформаторлорду баалатууга акча каражатын бөлүп берүү жана Жалал-Абад Электро ААКнун балансына өткөрүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 17.12.2024-жылдагы №01-19/2386 чыгыш сандуу КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022-жылдагы №236 сандуу токтомуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы трансформаторлорду Жалал-Абад Электро ААКнун балансына өткөрүп берүү үчүн трансформаторлорду баалатууга көз карандысыз баалоочу жалдоого акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы 24 (жыйырма төрт) даана трансформаторду баалатууга көз карандысыз баалоочунун кызмат акысы үчүн 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражатын бөлүнүп берүүдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу ФЭБ башчы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
- КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022-жылдагы №236 токтомуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы 48 (кырк сегиз) трансформатор Жалал-Абад Электро ААКнун балансына өткөрүлүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 9 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги акча каражаттарын статияларга жылдырып, жумшоого уруксат берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 17.12.2024-жылдагы №01-19/2390 чыгыш сандуу 1-2-пунктарынын, ФЭБ башчысы К.Темирбековдун сунушунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген акча каражаттарын статияларга жылдырып, жумшоого уруксат берүү боюнча жана 18.12.2024-жылдагы №01-19/2393 чыгыш сандуу Курулуш айылынын тургуну Өскөнбаева Айнуранын кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине бекитилген пландан 22154900 статиясынан 1 746 200 (бир миллион жети жүз кырк алты миң эки жүз) сом жана25121100 статиясынан (субсидияга бөлүнгөн) 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын кыскартып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 22154900 статиясына 1 260 200 (бир миллион эки жүз алтымыш миң эки жүз) сом жана 3111 статиясына 1 486 000 (бир миллион төрт жүз сексен алты миң)сом жалпысынан 2 746 200 (эки миллион жети жүз кырк алты миң эки жүз) сом сача каражаты жылдырылып;
- Кара-Терек жайлоосуна мал өтүүчү көпүрө салуу үчүн 886 000 (сегиз жүз сексен алты миң) сом,
- Айыл аймагына караштуу Жайыт жерлерине жайыт чөптөрүнүн үрөөндөрү себилген жайыт аянттарын кородоо үчүн керектүү материалдарды сатып алууга 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатын жумшоого уруксат берилсин.
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 3111 статиясынан 3 000 000 (үч миллион) сам акча каражаты кыскартылсын.22154900 статиясына 2 263 500 (эки миллион эки жүз алтымыш үч миң беш жүз) сом, 22221200 статиясына 736 500 (жети жүз отуз алты миң беш жүз) сом акча каражаты жылдырылып;
- Райондук деңгээлде жаңы жылга карата жасалгалоо иштерине жана жаңы жылдык иш-чараны өткөрүүгө 736 500 (жети жүз отуз алты миң беш жүз) сом,
- Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш жана Чандалаш айылдарындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыруудан өткөрүүгө 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом,
- Айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү чарбалык ички арык-каналдардын мамлекеттик актыларын алууга 801 600 (сегиз жүз бир миң алты жүз) сом,
- Күтүлбөгөн ар кандай чыгымдарга 261 900 (эки жүз алтымыш бир миң тогуз жүз) сом акча каражатын жумшоодо мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу ФЭБ башчы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылынын тургуну Өскөнбаева Айнуранын уулу Акылбеков Нурбакыт химия предмети боюнча Индия мамлекетинде өткөрүлүп жаткан олимпиядага катышып келүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 10 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Чаткал райондук Электр Тармактар ишканасына кызматтык имарат курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 16.12.2024-жылдагы №01-19/2356 чыгыш сандуу Чаткал райондук Электр Тармактар ишканасына кызматтык имарат курууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жалал-Абад Электр тармактар ишканасынын Чаткал райондук электр тармактар ишканасына кызматтык имарат куруу үчүн 0,30 га жер аянтын камсыздоого тиешелүү комисия түзүлсүн.
- Мыйзамдуулугун кароодо тиешелүү компетентүү органдар менен жер аянттын тез аранын ичинде камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 11 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тарифин мурдагы баа менен калтыруу жана окуучуларга тамак аш уюштуруу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 17.12.2024-жылдагы №01-19/2391 чыгыш сандуу 1-пунктунда КР Министрлер Кабинетинин 28.08.2024-жылдагы №532 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуру жөнүндө” Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 26.09.2024-жылдагы №278-б буйругуна негиз чечим берүүнү жана КР финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгынын 20.08.2024-жылдагы №01-16/109 катында КР 11.08.2023-жылдагы №179 “Билим берүү” жөнүндөгү мыйзамынын 26-беренесинин 7-пунктуна жана 28-беренесинин 6-пуктуна ылайык мындан ары бала бакчаларынын тамак ашы ата-энелер тарабынан каржыланарын билдирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чечим берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жалпы орто билим берүү мектептеринде 2025-жылдан баштап жергиликтүү бюджеттен 1-класстан 4-класска чейинки балдардын тамактануусуна керектүү акча каражаты көп балалуу жана калктын аярлуу катмарынын балдарына берилсин.
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы бала бакчага балдары барган ата-энелердин бала бакчадагы тамак ашына төлөмдөрүн төлөө мурдагы тариф менен (VII чакырылыштын XXXV сессиясынын №4 токтому) калтырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 12 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Кошумча 10 сааттык наристе курактагы тайпа ачууга уруксат берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылындагы “Бал тил” МЧББУнун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Н.Сатимованын “Бал тил” МЧББУнун жалпы ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде жазылган кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Бал тил” МЧББУна кезекте турган балдардын көптүгүн эске алуу менен кошумча наристе тайпасын ачууга уруксат берилсин. Күнүмдүк тамак-аш жана башка керектүү каражаттар менен камсыздоого керектүү акча каражаттары мыйзам чегинде эсептелинип, Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 13 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата таза суу, таштандылар, таштанды чыгаруу үчүн техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын бекитип берүү жөнүндө”
“Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Орозбаевдин 18.12.2024-жылдагы №34 чыгыш сандуу 2025-жылга карата таза суу, таштандылар, таштанды чыгаруу үчүн техникалык кызмат көрсөтүүлөр боюнча бааларын бекитип берүү үчүн жазган кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата таза суу, таштандылар жана таштанды чыгаруу үчүн техникалык кызмат көрсөтүүлөр боюнча баалары 1-2-тиркемегерге ылайык бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
» БЕКИТЕМИН» | |||||||
Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин төрагасы |
|||||||
___________ М.Козубаев | |||||||
«______» ________________ 2024-жыл. | |||||||
Каттооо | |||||||
2025-жыл транспорттук кызматтар учун | |||||||
» Каныш-Кыя» муниципалдык ишканасы | |||||||
Тиркеме 1 | |||||||
№ | Кызматтардын аталышы | Олчоо бирдиги | Тариф (сом ) | Эскертуу | |||
1 | Таштанды чыгаруу учун ЖКК ГАЗ-3309 | 1 рейс | 12203 | ||||
2 | Таштанды чыгаруу учун ( ЗИЛ-130 МТЗ-82.1 экскватор) Каныш-Кыя калктан, соц обьектилер, мекемелер Каныш-Кыя,Кайын-Суу,Жер-Капчыгай. | 1 рейс | 2871 | ||||
3 | Таштанды чыгаруу учун ( ЗИЛ-130 МТЗ-82.1 экскватор) Калктан, соц обьектилер, мекемелер Кара-Булак,Кара-Суу,Айгыр-Жал. | 1 рейс | 4285 | ||||
4 | Таштанды чыгаруу учун ( ЗИЛ-130 МТЗ-82.1 экскватор) Калктан, соц обьектилер, мекемелер Коргон-Сай | 1 рейс | 4055 | ||||
5 | Таштанды чыгаруу учун ( ЗИЛ-130 МТЗ-82.1 экскватор) Калктан, соц обьектилер, мекемелер Башкы-Терек | 1 рейс | 6940 | ||||
6 | Таштанды чыгаруу учун ( ЗИЛ-130 МТЗ-82.1 экскватор) Калктан, соц обьектилер, мекемелер Чакмак-Суу | 1 рейс | 8101 | ||||
7 | Таштанды чыгаруу ар кожолукка | 1 айга | 100 | ||||
8 | Таштанды чыгаруу таштанды таштоочу 1 урнанын ижара акысы | 1 айга | 500 | ||||
» БЕКИТЕМИН» | ||||
Каныш-Кыя айылдык кенешинин төрагасы | ||||
____________ | М.Козубаев | |||
____ __________2024 ж. | ||||
«Каныш-Кыя» муниципалдык ишканасы | ||||
2025 -жылга суунун тарифи |
Тиркеме 2 | ||||
№ | Керектоочулордун болунушу | 1 адамга суунун нормасы | 1 адамга 1 жылга(сом) | 1 адамга 1 айга(сом) |
1 | Кочодогу колонка | Суу: 33л/сутки х 365 : 1000=12,045 х 9,12 сом. | 109,4 | 9,12 |
2 | Короодогу колонка уйдун ичинен суу чыгаргандар учун | Суу: 60л/сутки х 365 : 1000=21,9 х 9,12 сом | 199,72 | 16,64 |
4 | Калктын короо жай суугаруу учун пайдаланганы (1м2) | Суу: 15л х 1м2 : 1000=0,015 м3 х 90 кун *9,12 сом | 12,15 | 0,00 |
5 | Баня иштеткен адамдар учун | Суу: 120л/сутки х 180 : 1000=21,6 м3 х9,12тый | 196,99 | 16,42 |
6 | Мекеме уюмдар, соцобьектилер | Суу: 10л/сутки х 250 : 1000=2,5 м3 х 9,12 сом | 22,80 | 1,90 |
7 | Уборка помещений (1 м2) | Суу: 60л/100 м2 х264 кун*2 : 1000=0,32 м3х9,12 сом | 3,00 | 0,00 |
10 | Коомдук тамактануучу жайлар (1-адамга ) | 1блюда* 25 л*250 кун \1000=6,25 м3*9,12 сом | 57,00 | |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 14 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 18.12.2024-жылдагы №01-19/2395 чыгыш сандуу Чаткал райондук өнүктүрүү фонду тарабынан Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мамлекеттик лизинг компаниясынан техникаларды алуу боюнча кабыл алынган чечимдеги 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатынын ичинен 3 700 000 (үч миллион жети жүз) сом акча каражатын мамлекеттик лизинг компаниясынын эсебине бажы төлөмүнө, камсыздандыруу жана каттоо жумуштары үчүн макулдук берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Чаткал райондук өнүктүрүү фонду тарабынан Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мамлекеттик лизинг компаниясынан техникаларды алуу боюнча кабыл алынган чечимдеги 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатынын ичинен 3 700 000 (үч миллион жети жүз) сом акча каражатын мамлекеттик лизинг компаниясынын эсебине бажы төлөмүнө, камсыздандыруу жана каттоо жумуштарын бүткөрүү үчүн макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 15 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардын башкы пландарын даярдоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 11.12.2024-жылдагы №01-19/2287 чыгыш сандуу кайрылуусун жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын “Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын” Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардын башкы пландарын даярдоо боюнча отурумунун №1, №2 протоколдору менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай, Кайың-Суу, Каныш-Кыя, Жер-Капчыгай, Кара-Булак, Айгыр-Жал айылдардын башкы пландарын даярдоо үчүн биринчи кезекте, башкы план түзүлүүчү жер аянтына адистерди тартуу менен геологиялык жана гидрогеологиялык изилдөө жүргүзүү, “Крыгызгипроземден” жердин категориясын, контурун, координаттарын тактоо, тарыхый-маданий эстеликтерди коргоо боюнча республикалык инспекциясынын адистерин тартуу менен тарыхый-маданий мурас объектерге илимий изилдөө, археологиялык казуу жана документтештирүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө” №631 Токтомунда “Шаар куруу жана архитектура департаменти, мамлекеттик бюджеттен жана башка булактардан каржылануучу Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалгыс берүүчүсү болуп аныкталсын” – деп көрсөтүлгөн. Ушул токтомго ылайык айыл аймактын жана калктуу конуштардын башкы планын даярдоодо жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалгыс берүүчүсу катары Чаткал районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен келишим түзүлсүн.
- Каныш-Кыя айылына караштуу “Социализм” участкасы аянты – 148,03 га, Айгыр-Жал айылына караштуу “Кара-Шоро” участкасы, аянты – 159,87 га, Чакмак-Суу айылына караштуу Чакмак-Суу-2 участкасы, аянты – 8,37 га, башкы пландарын аягына чейин бүткөрүү, жер участокторун “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) иш кагаздарын тез арада даярдоо иштерин тийишти компетенттуу органдар менен биргеликте айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардагы жаңы конуштар түшүүчү жер аянттарын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына (трансформациялоо) которуу.
Атап айтканда;
1) Башкы-Терек айылындагы жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 27,71 га,
2) Чакмак-Суу айылынын чыгыш тарабындагы жаңы конуш түшүүчү жер аянты- 14,18 га,
3) Чакмак-Суу айылынын баш жагындагы жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 38,18 га,
4) Коргон-Сай айылынын Жданов участкасы жаңы конуш түшүүчү жер аянты- 26,91 га,
5) Кайың-Суу айылы уч. Таштак жолдун асты жаңы конуш түшүүчү жер аянты– 45,86 га,
6) Кайың-Суу айылы свалка болуучу жер аянты – 8,33 га, 7) Каныш-Кыя айылы уч. Шамалдуу-Сай жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 16,75 га,
8) Каныш-Кыя айылы уч. Райцентр торговый точкалар түшүүчү жер аянты – 13,43 га,
9) Жаңы-Базар айылы Аэропорт участкасы жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 45,19 га, 10) Курулуш айылы Ат майдан жана Свалка болуучу жер аянты – 7,14 га, 11). Жер-Капчыгай айылы жолдун үстү жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 23,24 га, “Кыргызгипроземдин” Жалал-Абад филиалы менен жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарынын категориясын, контурун, координаттарын тактап берүү үчүн эки жактама келишилип түзүлгөн сметага ылайык келишим түзүүгө жана геологиялык жана гидрогеологиялык изилдөө жүргүзүүгө макулдук берилсин. .
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун эске алуу менен айыл аймагына караштуу “Афлатун” участкасындагы 400 га жайыттарды узак мөөнөткө пайдалануу (УДП) кирип калган, бул жер аянты “Афлатун” каналы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, суу менен камсыз болгондуктан, Чаткал райондук суу чарба башкармалыгынын маалыматынын негизинде бул жер аянтын “жайыттын узак мөөнөткө пайдалануу” (УДП) жерлеринен “суугат” жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
- Ошондой эле Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш, Жаңы-Базар, Курулуш айылдарынын башкы пландарына 2024-жылдын 16-октябрында “Ак Башат” долбоорлоо институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн отурумда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр киргизилсин.
- Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш калктуу пунктунун түштүк жагындагы 210 га жайыт эсебиндеги жер аянтын, “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндөгү Чаткал айылдык кеңешинин 5 чакырылышындагы 21 кезексиз сессиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы №7 Токтомунун, 7 чакырылышынын 10 кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 30-мартындагы №3 токтомунун негизинде иш алып баруу жагын белгиленсин.
- Коргон-Сай айылындагы «Коргон-Сай» чакан ГЭСтин каналдары өтүүчү жер аянтынан 1,2 га чөп чабынды (контуру -570,568), 1,6 га огород (контуру- 575), 0,11 га курулуштар орун алгандыктан, бул жерлердин ордуна башка жактан жер берүү жагы жер ээлери менен макулдашылгандыктан Коргон-Сай айылынын жайыт эсебиндеги 5,48 га жер аянтын, “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” багытына которууга макулдук берилсин.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КЫЯНСКОГО
КЕҢЕШИ АЙЫЛНОГО АЙМАКА
Каныш-Кыя айылы, село Каныш-Кыя
Т.Кошбаев көчөсү №120 ул. Т. Кошбаева №120
инд:721700 инд: 721700
эл.поч.kkenesh19@mail.ru эл.поч. kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 16 Т О К Т О М У
18.12.2024-жыл Каныш-Кыя айылы
“Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө”
Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын 06.12.2024-жылдагы №24/172-04-11/1-6-01321 чыгыш сандуу Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан, КР Башкы прокуратурасынын коллегиясынын чечимдерин аткаруу максатында, КР Президентинин Указдарынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун аткарылуусу боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдоруна жүргүзүлгөн маниторингдин жыйынтыгынын негизинде 2024-жылдын 19-апрелиндеги №10 жана №5 токтомдору боюнча каршылык билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан 2024-жылдын 19-апрелиндеги №10 “Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча келишим менен штат бирдигин бекитүү жөнүндө” кабыл алынган токтому жокко чыгарылсын.
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан 2024-жылдын 19-апрелиндеги №5 “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдарындагы техникалык жана фермердик кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын бекитип берүү жөнүндө” токтому Жалал-Абад облустук прокуратурасынын каршылык билдирүүсүнүн негизде жокко чыгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.М.Козубаев